www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Нарын шаардык сотунун мурунку соту Жапар Эрматовго каршы сотко чейинки өндүрүштүк ишин баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык сотунун мурунку соту ЖАМК №24 мекемесинин башчысынын  милдетин аткаруучусунун кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча көрсөтмөсүн так караган эмес.

“Сот, ЖАМКнын негизсиз көрсөтмөсүндөгү, соттолуучунун ден соолугу жөнүндөгү материалды дыкат текшербестен, кримтөбөлдү бошотууга жол берген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Нарын шаардык сотунун мурунку соту  Жапар Эрматовго карата ККнын “соттук актыга жалган өкүм чыгаруу”, “коррупция” беренелери менен тергөө иштери жүрүүдө.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости