www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түшүнөн чочуган күндөрү анча-мынча оозун бүлкүлдөтүп койгону болбосо дээрлик көпчүлүк убакта көзүнөн уйкусу тарабаган Жогорку Кеңештеги ардактуу депутаттын бири Экмат Байпакбаевге өткөн шаршемби күнү болуп көрбөгөндөй тил бүттү, эй! Таң калдык. Ичине жин кирген немедей эч кимге ээ-жаа бербей оолугуп, төрага сөзүн кыскартып койсо көзүн чакчаңдаткан бойдон ортого чыга калып опурулуп, кыргыз экономикасына жалгыз өзү күйгөн кишидей бакылдады.
Балык сымал момураган киши артына шиш сайылгандай чыга калып карсылдап, «контрабанда менен күйүүчү май кирип атат» деп күпүлдөгөнү көзгө өтө өөн көрүнөт экен. Көчүгү күйгөн аюудай кыйкырып чыгышына эмне түрткү болду экен? Кызыкчылыгы барбы же бирөөнүн суранычын аткарып жатабы? Айтор, буга чейинки аралыкта ЖКда «алтын балыктын» образында олтурган Байпакбаевдин бул саам күйүп-бышканы "са-ал" окшошпой туру...
Булак: "De-facto"