www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Чоңмуштумдугу менен аты чыгып жүрүп эле айыл чарба тармагын басып жыгылып, шап кулактан ала минип алып министр болуп чыга келген Айыл-чарба министри Нурбек Мурашев өкмөт курамындагы өзгөчө министр болуп атат. Ансыз да «комада» жаткан айыл-чарба тармагын таптакыр эле «табытка» төшөк салып туруп жаткызып койгон Мурашев министр болуп келгенден бери «белек-бечкек» алып эле келе жатат.

Биртуруп картошка «белек» кылышса, бир туруп гөлөч «белек» кылышат. Белектерге туйтунуп атса да Нурбек мырза мурдун барбаңдатып сүйүнүүнүн ордуна эмнегедир тултуңдайт да турат. Алган белектерин аркасынан берип жиберген да адатты жармаштырып алыптыр. Мурда андайы жок болчу деп көргөн-билгендер айтып атышат. Мурун эмне берсе деле ала берчү экен. Алам-жулам деп эле жутунуп турчу эменин берген белекти кайрып беришин Кыргызстандыктар өзү биринчи ирээт көрүп атат.

Айтор, айыл чарба жааты азыр чириген картөшкөдөй эле, тийсең эле суусу чыгып кетип, жыты «аңкып» эми тирукмуш. Аныгында, айрымдар Мурашевге «айыл-чарбага көңүл бөл, минтип чирип атабыз» деген маанини билдирип жатышса да түк түшүнө албады окшойт. Тескерисинче министр мырза коомчулуктун өзүнө карата «белектерин» каймана эмес, түз эле кабыл алып атат, боорду эзип...

Булак: "De-facto"

 

 

Последние новости