www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Жогорку Кенештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев акыркы учурда маанайы жок, ой басып жүрөт. Эмнеге десеңиз, Эргешовичтин санаасы эмдиги 2020-жылы өтө турган эле парламенттик шайлоо. Мындай маалымат менен De-facto гезити аты аталган депутатка тийишип өттү.

Аталган гезит ага кошумча, “2007-жылдан бери удаа-удаа депутат болуп Жогорку Кеңештин даамын татып алган Төрөбаев эмдиги жылы кандай айла менен парламенттин босогосун аттайм деген баш оору менен алек.

Айрыкча шайлоо мыйзамына өзгөртүү кирип, 7% пайыздык чен 9% пайызга көтөрүлгөндөн бери таптакыр уйку бетин көрбөй калды. Басса-турса санаа менен. Чачынын баары агарып да кетмей болду. МТС ачып атам деп кредитке трактор алган дыйкандардын башын бириктирип өзүн жарнамалап калчу эле. Андай кылганга да маанайы жок. Трактору бузулганын же башка себеби бар экенин билбейбиз.

Саресеп салып көрсөк, 2007-жылы «Ак Жол» партиясы менен, 2010-жылы «Республика» партиясы мснен 2015-жылы «Өнүгүү» партиясы менен депутат болгон Бакыт мырза чынында чарчады.

Бир эле депутаттык түйшүктү тарта бербей ортодон Өмүрбек Бабановдун да «премьер-министри» боло калып жөндөн жөн эле кыйналды. 3 жолу удаасы менен депутат болуш оңойбу? Уруксат берсеңер эс алууга кетирели,-же БакытТөрөбаев жок Жогорку Кеңеш көркүнө чыкпай калабы?”, деп жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости