www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Айыл-чарба министри Эркинбек Чодуевдин өзүм билемдик иштери боюнча буга чейинки чыгарылыштарыбызда узун сабак кеп кылдык эле.

Тилекке каршы али күнчө чара көрүлө  элек. Мындай маалымат менен De-facto гезити Эркинбек Чодуевге коңгуроо какты.

Дегенибиз, аталган министрликтеги кайсы бир бөлүмдүн башчысы Анара Беккулиеваны министрдин орун басары рангындагы жетекчи деген тастыктама катты Башкы прокуратура мыйзам бузуу менен жазылганын билдирген. Бирок, аны жазган жетекчиге деле, жазганга буйрук берген министрге эч кандай чара көрүлгөн жок.

Демек, Башкы прокуратуранын иликтөөсү «бармак басты, көз кысты» менен токтотулдубу? Же министр Чодуев табылгыс анан калса кол тийгис кадрбы? Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып өз билгенин кыла береби? Биздин гезиттин өткөн сандарында жазылган сын-пикирге өзү жооп берүүгө макул болгон. Бирок, өкмөттүн жыйынына кетти деген шылтоо мснен буйтап кетти. Суроолордон буйтаган менен мыйзамдан да буйтаганга алыңыз жетеби, Эркин мырза, деп жазат аталган гезит.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости