www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун өлкөгө келиши менен ага тиешелүү делген Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата -Журт» фракциясынын лидери алмашат деген сөздөр айтылууда. Бул тууралуу маалыматты De-facto гезити жазып чыкты.

Тактап айтканда, аталган фракцияны жетектеп аткан Жыргалбек Турускуловдун ордуна Мирлан Жээнчороев келет экен. Баарыңыздарга маалым болгондой, 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен Өмүрбек Бабановдун «Республика - Ата -Журт» фракциясынын лидери алмашып, мурда жетектеп келген Бабановдун досу Руслан Казакпаевди кетиришип анын ордуна Турускулов олтурган.

Эми кайрадан Бабановдун келиши менен фракция жаңы лидерлүү болгону туру. «Ээси келсе, бээсин бер!» деген ушул да, деп жазат аталган гезит.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости