www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Озодлик» радиосунун Telegram-каналына бухаралык чиновник кол алдындагыларды каарып, кемсинтип жатканы жазылып алынган аудио жазуу келип түштү.

Анда Ромитан районунун салык инспекциясынын башчысы Нурали Болтаевдин үнүнө окшош адам салык аз чогултканы үчүн кол алдындагы кызматкери Азизбек Ашуровду катуу тилдеп, опузалап, сөккөнүн угууга болот.

– Эскертип коеюн, айдын аягына чейин чыдабайсың. Эртең базарга барасың, ал жакта чака жана башка нерселерди саткан соодагерлер бар. Алардан эки метр аркан сатып алып, асынып ал. Сага эки метр эле жетет, мойнуң кыска, асынып ал. Түшүндүңбү мени? – деген Нурали Болтаевдин үнүнө окшош киши.

Эгер кызматкерди коркуткан салык инспекциясынын башчысы экени аныкталса, мыйзам боюнча ал административдик жоопкерчиликке тартылат.

Ромитан райондук салык инспекциясынын атын атагысы келбеген кызматкерлери буга чейин Нурали Болтаевге каршы бир нече жолу жогорку жактагы жетекчилерге арызданышканын, бирок жыйынтык болбогонун билдиришти.

Өз кезегинде Болтаев кызматкерине акарат келтирбегенин айтып, айыптоолорду четке какты. – Айтылгандардын баары жалган. Мен Ашуров аттуу кызматкерге эч нерсе деген эмесмин. Андай сөз болгон эмес. Азыр кишинин үнүн өзгөртүп койсо болот, – деди ал.

«Озодлик» радиосунда аудио жазуунун толук варианты бар, зарыл болсо редакция аны укук коргоо органдарына берүүгө даяр.

Последние новости