www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Меган Маркл жолдошу Гарринин чоң энеси Елизавета II менен мамилеси начар.  Маалыматтарга караганда экөөнүн мамилеси ушул жылы эле эмес, мындан мурда деле жылуу болгон эмес.

Муну Рождестводогу куттуктоодо байкоого болоорун чет элдик маалымат булактар жазып чыгышкан.

Рождестводо майрамдарында  королдук үй-бүлөдө кымбат эмес, шаан-шөкөтсүз, майда, бирок маанайды көтөрүүчү белектерди тартуулоо  салтка айланган.

Ошентип, Маган Маркл Елизаветаны куттуктоо үчүн Санта Клаустун кийимин кийген, ал тургай ырдай да алган хомяк оюнчукту белек кылган. Буга Елизавета сыпайы гана ыраазычылык билдиргенден кийин Мегандын белегин иттерине берип салган. Ханайымдын айтымында хомяк иттерине жагып калган. Ал эми белекти иттер тытып салган. Көрсө, ханайым Меганды хан сарайдан көргөнүнө ошондо эле кубанган эмес көрүнөт. Бул окуя эки жыл мурда болгонуна карбай, эми гана ачыкка чыкты.

Айтмакчы, бул жылы Меган Рождествону хан сарайда тосууга каршы болуп, ханзаада Гарри, уулу Арчини алып, Канадага апасынын үйүнө кетип калган.

Эскерте кетсек, 18-январда Букингем хан сарайы жубайлар падышалык үй-бүлөнүн келишими боюнча, падышалык милдеттерди аткаруудан бошотулуп, падышалык титулдан ажыратылганын кабарланган.

Мындан сырткары, жубайлар 2,4 млн фунтту, башкача айтканда алардын үйүн оңдоого мамлекеткеттин казынасынан кеткен каражатты кайтарып беришет жана мындан ары мамлекет тарабынан каржыланбайт. Ошондой эле, герцог жана герцогиня титулдары кала берет. Ханзааданын жана анын жубайынын расмий статусу ушул жылдын жаз айларында күчүнө кирет.

Гарри кийинчерээк бул чечимине өкүнүп: “Биз мамлкеткеттик каржылоосу жок эле ханышага, өлкөгө жана аскердик бирикмелерге кызмат кылууну улантабыз деген үмүтүбүз бар болчу. Тилекке каршы бул мүмкүн эмес”,-деп айткан ханзаада  өз сөзүндө.

Меган Маркл ханзаада Гарринин билдирүүсүнөн кийин Улуу Британиядан чыгып кетип, сегиз айлык баласы Арчи менен өзүнүн үй-бүлөсүнө Канадага учуп кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости