www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


2017-жылдын 16-январынын таңында «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылынын эли үчүн «акыр заман» келгендей эле оор кырсык болуп өткөнү белгилүү. Ошол күнү аталган айылга Кытайдан жүк ташып келаткан түркиялык учак кулап, уйкуда жаткан 35 адамдын, анан дагы учактагы төрт учкучтун өмүрү кыйылган. Көз ачып жумганча болуп өткөн бул кырсыктан ата-энесин жоготкондор, балдарын жоготкон мекендештер сыздап калган. Айрым үй-бүлөлөр толугу менен кырсыктын курмандыгы болуп калган. Ошондой эле бул учактагы жүктүн ээси ал кездеги мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү экени айтылган. Баарынан да АША ошондо сыздап турган Дача СУ айылынын элинин алдына бир жолу да басып барбай койгону шектүү болгон.

Ошол кандуу жүктүн ээсин таап, мыйзам чегинде жазасын бериш керек деген коомчулуктун пикири эске алынбай, тескерисинче ал ишти өз алдыларынча иликтөөгө алгандар куугунтукка алынганы да белгилүү. Анан акыры ал иш тындым болуп калган эле. Ошол кылмыш иши кайрадан жанданып, Дача СУ конушуна кулаган учак боюнча буга чейин жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы кайрадан текшерүүгө алынып жатканын ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов маалымат булактарынын бирине билдирди.

Анын айтымында, кылмыш иши толугу менен кайрадан электен өткөрүлүл, башынан иликтене баштады. Азырынча учак кырсыгына байланыштуу эч ким суракка чакырыла электигин да кошумчалайт ал. Демек, кыңыр иш эч качан жабылып калбай тургандыгын ушундан биле берсек болот. Эми Дача СУга кулаган учактагы жүктүн ээси ким болгону коомчулукка ачык дайын болоруна үмүт артып туралы. Ошондо экс-ажо А. Атамбаевдин элге жасаган дагы бир кыянатчылыгынын бети ачылат, - дейт "КабарИнфо" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости