www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үркөр көтөрүлгөндө күз келет, мындай табият кубулушун байыркы кыргыз эсепчилери баамдап турушкан. Күзүндө көчмөн кыргыз эли жайлоодон жакага түшүшкөн. Жайлоодон түшөөр мезгилди Эсенбай эсепчи Чолпон чыгаар мезгилге тушташтырган экен. "Чолпон көрүндү – жүк артуу керек" - деп. Ошентип, илгерки көчмөндөр күн ысый элек салкында көчүп, жаңы журтка жетип алган. Көчтү жолдогулар тосуп алып ат үстүндө суусундук беришкен, көчтү токтотушкан эмес. Көч токтоп калса, жүк көтөрүп бараткан төө,өгүз, жылкылардын бели ооруйт дешип.
"Эртең менен Күн кызарып чыкса – элиңди жоо чапкандай күйүн, кечинде кызарып батса – катының эркек туугандай сүйүн" деген. Күн, Ай, Үркөрдөн кийинки эле байыркы кыргыздардын урматтаган асман периси – Чолпон. Чолпон жылдыз эл ишеними боюнча койдун пири. Андыктан аны Чолпон-Ата деген. Чолпон күн чыгаар алдында, койлорду жайытка чыгарганда же Күн баткандан кийин, койлор жайыттан кайтканда чыгат. Ушундан улам аны койлордун пири же "койчунун жылдызы" деп калса керек.
Илгерки замандарда "Чоң Жетигенди" көчмөндөр "Кичине Жетигендин" эки жакшы атына "ак сары ат" жана "көк сары ат" дешип, кол салганы жаткан "жети каракчы" деп түшүнгөн. Алар аркандалып, бир учу Алтын Казыкка байланып, күзөтчүнүн кайтаруусу менен оттоп турат. Жети каракчы ушул аттарды уурдаганы түн бою аңдыйт. А аттар казыкты айланып тура берет. Жети каракчы аларга жете албайт да, таңдын атышы менен куру кол кайтып кетет. Бул окуя күндө кайталанат да, күндө ушундай болот. Ал эми Жетигендин орто чениндеги бир жылдыздын жанында үлбүлдөп көрүнгөн кичине жылдызды "Үркөрдүн кызы үлпүлдөк сулуу" деп коёт. Аны бир кезде тиги каракчылар уурдап, ала качып алган имиш. Аяк оонада бугунун аягы тынбай, маралга кыйгач жүгүргөн чагы болгон үчүн, бул айды аяк оона дейт.
Күзгү күн-түн теңелүү 23-сентябрга туура келет. Сентябрдын 15 жарыгы «боз кыроо маалы», 15 караңгысы «кыргыек маалы» аталат. Сентябрдын 17 жаңысынан Үркөр менен Ай тогойт деп Эсенбай эсепчи айтып кеткен, баамдоо салган адамга бир жарым кылымдан ашып кетсе да анын айткандары төп келип жатат.
Аяк оона (Мыйзам) – Сентябрь - Раджаб (Ражаб, ража)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»