www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Каныбек Иманалиевге таандык делген "Эркин-Тоо" басмаканасы бузулуп, ордуна элиталык үй салынмай болду. Бул басмакананы Иманалиев убагында арамзаалык менен менчиктештирип алган. Башкача айтканда, "Эркин-Тоо" басмаканасын жеке менчикке сатуу жарыясын "Учкун" басмаканасында басылуучу "Эркин-Тоо" гезитине берет. Каныбек Иманалиев "Учкун" басмаканасынын директору болуп туруп ал жарыяны "Эркин-Тоо" гезитинин бир гана экземплярына бастырып, калган миңдеген экземплярларына бастырбайт. Андан сырткары өзүнүн жеке менчик "РиФ" гезитинин 1 эле экземплярына да ал жарыяны бастырып, ал 2 экземпляр гезитти Мамлекеттик мүлк комитетине берет.

Ошентип эч кимге билгизбей, туйдурбай менчикке чыгарып алган. Бул тарыхый имаратты Садык Шер маданият министри болуп турганда, ал аркылуу тарыхый имарат статусун жокко чыгаруу сунушун ошол кездеги өкмөт башчысы Темир Сариевге бердирип, ага келиштире токтом токутуп Каныбек мырза максатына жеткен. Эми аны 8 миллион долларга сатып кийинки шайлоого акчасын камдап, "мен депутат болбогондо ким депутат" деп мантайып отурган чагы, -деп "Фабула" гезити жарыялады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости