www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Чиновниктин кеңсеси. Жинденген эркек колундагы электрошокер менен айымга тап берип жатат. Бул жашыруун камера эмес, экс-мэрдин өзүнүн эле жакындары тарткан видео.

Чеченстандын УТРК каналы, убактысы 8 саатка созулган ушундай видео жарыялады. Андагы башкы каарман - Грозный шаарынын мурдагы мэри Ислам Кадыров. Ал жергиликтүүлөрдү коркутуп-үркүтүү менен кандайдыр бир маалыматтарды алууда. Арасында экс-мэрдин жарандарды “ушинтип айткын” деп коркутуп жаткан учурлары дагы бар.

Бул тууралуу айтылган маалыматтарга караганда, тасманы ушул эле чиновниктин маалында Грозный шаар бийлигинин басма сөз кызматы тарткан. Аныгында, анда жарандарды кыйнап, керектүү маалыматтар айттырылган соң тиешелүү жерлер калтырылып, калганы кыркылмакчы болгон.

Чечен башчысынын басма сөз катчысы Альви Каримовдун айтымында, Ислам Кадыров аталган шаардагы маселелерди чечүүдө көптөгөн ийгиликтерди жараткан. Бирок, ойго келбеген жоруктарга барганын билген Рамазан Кадыров аны кызматтан алган.

Учурда, бул факт боюнча полиция териштирүү иштерин баштаганы айтылууда.

Эске сала кетсек, Ислам Кадыров Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун алыс тууганы. Ал Грозный шаарын 2012-2015-жылдары башкарган. Андан соң 2017-жылдын апрель айына чейин укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча өкмөттүн орун басары болгон. Ошондон кийин анын күч түзүмдөрүнө которулганын Рамзан Кадыров Instagram баракчасына жазганы бар.

Айтмакчы, Ислам Кадыровго кол салуу болгонун 2016-жылдагы маалымат жыйында чечендердин башчысы ырастаган. Ал кезде жергиликтүү экрандардан Ислам колу таңылган боюнча чыгып калган болучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости