www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КСДПнын орун басары Кундуз Жолдубаева Кой-Ташта өткөн окуя боюнча эки ишке күбө катары суралууда. Буга чейин анын үйүн күч органдары тинтишкени, уюлдук телефондорун тартып алышканы белгилүү эле.
Аныгында, эч кандай илинчек табылбады. Ошого карабай Кундуз айымдын артынан аңдуу, психологиялык ар кандай кысымдарды жасоо жоруктары уланып келет. Кылмыш иштерине болсо күбө катары байлап коюшкан.
Иш жүзүндө Атамбаевдин штабы жексенделди, бир топ жандоочтору камалды. Качканы качты. Анан эми баарын эле тыптыйпыл кылып салбай, кандайдыр бир деңгээлде гумандуулук жагын да карасак болбойбу?
Маселен, Кундуз Жолдубаеваны (жалгыз бой эне катары) ашкере кысымга ала берүү аброй алып келмек беле? Дал ушул жерден байыркы Троя падышасынын душманды сыйлоо, эреже менен согушуу кеменгерлигин эстейсиң, деп "АЗИЯnews" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg