www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун уулуна издөө жарыяланды. Кыргыз Республикасынын Баш прокуратурасынын маалыматына караганда, 22 жаштагы Мухаммед-Али Асановду үй камагына алуу боюнча сыртынан баш коргоо чарасы тандалган.
Курсан Асановдун уулу кызматтык абалынан пайдалануу кылмыш ишине жардам кылган деп айыпталууда. “Курсан Асанов 8-августта далил буюмдарды, документтерди жана башка буюмдарды мыйзамсыз берүүнү уюштурган. Ал мунун баарын Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн алып чыккан. Курсан Асановдун айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу жогоруда айтылган буюмдарды Мухаммед-Али Асановго берген. Документтер Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына берилген. Бул кылмыш ишине катыштыгы бар бүт адамдар такталууда”, - деп айтылат маалыматта.
Булак: "NazarNews.kg"