www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Окуу жылынын башталышына карата базарга түшүп, кийим алууга ата-энелер агылып келүүдө. Алардын ак ниет менен келген аруу тилеги сөзсүз ишке ашуусу керек. Тапкан акчасы жакшылыкка буюруп, уул-кыздары мектептерге жаркыраган жаӊы форма менен баруусун каалайбыз. Бирок, тилекке каршы айрым ата энелер мал-чөбүн сатып, шаарга алып келген акчасын жоготуп, же, чөнтөкчүгө алдырып жиберишет. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Ушундай терс көрүгүштөрдүн алдын алуу максатында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул көзөмөл кызмат батальону Ош шаарынын базарында профилактикалык иш чара өткөрдү. Милиционерлер «Уурулуктан сак бол!» деген эскертүүнү көрүнүктүү жайларга жазышып, базарга келген ата-энелерге эскертүү баракчаларын тапшырышты.

Ушундай эле багыттагы иш чара базардын батыш тарабындагы дүӊ соода аймагындагы жашылча-жемиш саткан тарапта дагы жүргүзүлдү. Анткени, кыям (варенье) жабу сезонунда көптөгөн шаардыктар бул базарга ири акчалар менен келишет. Алардын дагы акчалары чөнтөкчүлөрдүн колуна тийбеши керек! - деп айтылат маалыматта.

Урматтуу ата-энелер, уурулардан сак болуӊуздар, буюмуӊуздарга так болуӊуздар!

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости