www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Түндүкэлектр” ААКсы 2019-жылы Бишкек шаарындагы 0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 151,5 чакырымын өзүн-өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен реконструкциялайт. 

Бүгүнкү 27-августка карата жаңы зымдарды монтаждоо жана тартуу иштери дээрлик 70 пайызга аткарылды. Алсак: шаардын чыгыш бөлүгүндөгү 50 чакырым, батыш бөлүгүндөгү 48 чакырым аба чубалгылары өзүн-өзү кармап туруучу изоляцияланган зымга алмаштырылды. Мындан тышкары эскилиги жеткен жыгач тирөөчтөрдү алмаштыруу иштери да ийгиликтүү жүрүүдө. 2019-жылга мерчемделген 814 тирөөчтүн, 523 тирөөчү темирбетон тирөөчтөргө алмаштырылды.

Өзүн-өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдар кичине салмакта болот жана  кардын жабышып, тоңуп калуусуна туруктуу, катуу шамалдын тирөөчкө болгон таасирин төмөндөтөт. Себеби, көбүнчөсүндө электр энергиянын өчүрүлүшүнө бак-дарактардын бутактары аба чубалгыларга кулап, үзүп кеткендиги себеп болот. Ал эми жамгырда зымдарга тийген бутактар жана сөңгөктөр узатуучуга айланып, ал аркылуу ток жерге агылат.  Бутактардын зымдар менен  тийишүүсүнөн көп учурда учкун пайда болот, бул өрт пайда болуу коркунучун жогорулатат.

“Түндүкэлектр” ААКсын балансында Бишкек шаары боюнча 2 560 чакырым  0,4 кВ чыңалуусундагы аба электр чубалгылары бар, анын 1 164,2 чакырымы 2011-2018 ж.ж. өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарга алмаштырылган.

МААЛЫМКАТ

Жалпысынан 2019-жылы “Түндүкэлектр” ААКсы боюнча өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 514 чакырым аба электр чубалгылары реконструкцияланат, анын ичинен:

Бишкек шаарында-151,1 чакырым,

Чүй облусунда – 362,2 чакырым,

Талас облусунда – 36,3 чакырым

“Түндүкэлектр” ААКсы басма сөз кызматы

Последние новости