www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жылдарында калктын жашоосунун сапатын жана бакубаттуулугун көтөрүүгө багытталган коомдук саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууда олуттуу жыйынтыктарга жетишти.

Өткөн кыска тарыхый мезгилде эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берген мезгилде эки тараптуу кызматташтык жаңы сапатуу деңгээлге чыккандыгын канааттануу менен белгилейм. Товар жүгүртүүнүн көлөмү динамикалуу өсүүдө, экономиканын түрдүү чөйрөсүндөгү кооперациялардын масштабы кеңейүүдө.

Чек ара аймактары ортосундагы, ишканалар жана ишкерлик чөйрөдө өнөктөштүк бекем байланыштар орнотулду. Кыргыз-өзбек боордош элдеринин мамилелерин бекемдөөдө маданий-гуманитардык активдүү алмашуу чоң роль ойнойт.

Өзбекстан Республикасы Кыргыз Республикасы менен мындан ары бардык тараптуу жемиштүү кошуналык мамилелерди өнүктүрүүнү бекем карманарын дагы бир ирет ырастайм. Борбордук Азия аймагындагы бардык кызыкчылыктарда биргелешкен аракеттер менен биздин өлкөлөрдүн жана элдердин бакубатчылыгы стратегиялык өнөктөштүк дараметин натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылабыз», — деп айтылат Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо телеграммасында.

Президент Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана ийгиликтерди, боордош кыргыз элине тынчтык жана өсүп өнүгүү каалады.       

Последние новости