www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эгемен жылдарындагы өнүгүүдө Кыргызстан мамлекеттик курулуш, экономиканы модернизациялоо, калктын бакубатчылыгын жана өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатуу ишинде маанилүү жыйынтыктарга жетишип, ири өзгөрүүлөрдүн жолун басып өттү.

Казакстан Нур-Султан менен Бишкектин өз ара көп кылымдык достугун, жакшы кошуналык мамилелерин жана өз ара аракеттенишүүнүн ишенимдүү мүнөзүн жогору баалайт.

Биздин ачык жана үзгүлтүксүз саясий диалогубуз мындан ары дагы стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара жардам көрсөтүү духунда казак-кыргыз мамилелерин ар тараптуу бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбековго боордош Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн өзүнүн жооптуу миссиясында ийгиликтерди каалады.

 

Последние новости