www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Сизди жана боордош кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен Түркмөнстан эли, Өкмөтү жана өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктап, эң жакшы тилектеримди билдиргим келет.

Түркмөнстан Кыргыз Республикасы менен кошуналык карым-катнашка, өз ара урматтоо жана ишенимге негизделген мамилени жогору баалайт. Түркмөн-кыргыз мамилелери мындан ары да динамикалуу өнүгөт жана боордош өлкөлөр менен элдердин жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташуу нугунда бекемделе берет деп ишенем.

Бул жагымдуу жагдайдан пайдаланып, урматтуу Сооронбай Шарипович, Сизге чын дилимден бекем ден соолук, бакыт жана албан ийгиликтерди каалаймын! Боордош кыргыз элине жылуу куттуктоолорумду, жакшы тилектерим менен бирге тынчтыкты жана гүлдөп өсүүнү каалап кетээримди жеткирип коюуңузду өтүнөм», — деп белгиленген Гурбангулы Бердымухамедовдун телеграммасында.

Последние новости