www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен саясатчы Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын карап жатат.

Сот отурумуна журналисттер менен саясатчылардын жакындары киргизилген жок. Учурда “Ата Мекен” партиясынын желектерин кармаган саясатчылардын 100-200дөй санаалаштары соттун чечимин күтүп сыртта турушат.

Камактагы саясатчыларды колдоп келген Садык Шер-Нияз төмөнкүлөрдү айтты:

- Бул башынан эле жалаа болчу. Өмүрбек Чиркешовичке окшогон эр-азаматтарды сындыруу, акыйкатсыздыкка үндөө болгон. Бирок, Өмүрбек Чиркешович сынган жок, айрымдарга окшоп тоо-токой аралап же суу бойлоп качып кеткен жок. Керек болсо өзүм жооп берем деп учуп келди. Эми Атамбаев убагында туура эмес кылгандарына жооп берип жатат, бир эле Атамбаев эмес, анын жанында жалаңдап чуркап жүргөндөр, Атамбаевдин шайкасы да чогулуп жооп берип жатат. Кезинде Текебаев ушулардын баарын коррупционер деп атаган болчу.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости