www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ырчы Филипп Киркоров Сочидеги музыкалык сынактын уюштуруучуларын сынга алды”, -деп жазып чыкты Россиянын “Бешинчи каналы”.
Күбөнүн видеого тартып алганына караганда, ырчынын сахнага чыгышы күтүлбөгөндүк болгондой. Видеодо ал “Биз азыр камера алдында репетиция кылмайынча сиздердин шоуңар башталбайт. Түшүндүңөрбү?!... Камера келмейинче, мында эч нерсе болбойт...” – деп дагы башка уят сөздөрдү колдонуу менен кыйкырып жатат.
Эске салсак, “Жаңы толкун” эл аралык сынагы, жаш аткаруучулардын арасында ушуну менен он сегизинчи жолу өткөрүлүүдө. Ал сынактан байгелүү кайткан биздин ырчылардын саны дагы арбып барат. Алсак, Омар, Кайрат Примбердиев, Нурсултан Азыкбаев бар.
Бул жолкусунда, фестивалга Кыргызстандан катышкандар тууралуу маалымат жок.
Маалыматтарда, дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн тандалып алынган 13 финалист 24-29-августка чейин Сочидеги ыр сынакта күч сынашат.
Булак: "NazarNews.kg"