www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен саясатчы Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын карап жатат.

Сот отурумуна журналисттер менен саясатчылардын жакындары киргизилген жок. Учурда “Ата Мекен” партиясынын желектерин кармаган саясатчылардын 100-200дөй санаалаштары соттун чечимин күтүп сыртта турушат.

Камактагы саясатчыларды колдоп келген экс-акыйкатчы Турсунбек Акун төмөнкүлөрдү айтты:

- Мурунку сот отурумдарында 20дай күбө суралбай калганбыз. Эми кайрадан болгон сотто биз да билгендерибизди айтабыз. Мен ойлойм, азыркы бийлик сот иштерине аралашкан жок, ушунусу жакшы. Эгер бийлик аралашпаса эле, Текебаев менен Чотонов акталып чыгат деп ойлойм.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости