www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги, рак вакцинасы жана ракка каршы дарыларды биргелешип өндүрүү максатында Куба менен бирдикте жумушчу топ түзүү чечимине келди.

Ушул алкакта Кубанын жогорку даражалуу делегациясынын Түркияга келиши күтүлүүдө.

Түркиянын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, кубалык кесиптеши Хосе Анхель Портал Миранда менен 72-Дүйнөлүк Саламаттык сактоо ассамблеясына кошулуу үчүн барган Швейцариянын Женева шаарында жолугушту.

Жолугушууда, инфекцияларга каршы вакциналар, рак эмдөөсү жана дарылары менен онкологиялык эмгектеринде маанилүү тажрыйбага ээ болгон Куба менен биргелешип өндүрүү чечилди.

Фахреттин Кожанын айтымында, Куба дары-дармек, медициналык аппарат, кандан жасалган дарылар жаатында бир топ ийгиликке жетишкен мамлекет. Муну менен Түркия глобалдык дары-дармек атаандашына туруштук берүү максатында өнөктөш катары Кубаны тандашкан.

72-Дүйнөлүк Саламаттык сактоо ассамблеясындагы жолугушууларынын алкагында айрыкча Индонезия жана Кыргызстан менен саламаттык сактоо тармагында кызматташтык келишимин түздү.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости