www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


20-май күнү эртең менен белгисиз адамдар май куюучу жайга куралчан кол салып, кассирди сабап, 500 сомун алып кетишкен. Окуя таңкы 5.00лөр чамасында болуп, жерине дароо эле Бишкек ШИИБинин криминалдык милициясы менен Свердлов райондук милициясы барган. «Көп өтпөй шектүү катары 19,20 жана 21 жаштагы үч жаран кармалды. Алардын жашаган жерин тинтүүгө алганда карактоо учурунда пайдаланылган колго жасалган курал жана 21 ок табылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Шектелүүчүлөр мындай кадамга барышына «Супер арзан» дүкөнүнө болгон кол салуунун видеосу «дем» бергенин айткан. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине каттоого алынып, Жазыктар кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») менен кылмыш иши козголду. Шектелүүчүлөр Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Булак: "Мантыш"

 

Последние новости