www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Август айына карата чач кестирүү боюнча астрологиялык көрсөтмө жөндөн-жөн эмес экенин билиңиз, анткени күндүн, жылдыздардын таасири болору чын.
Биз дайыма чач кестирүүнүн жагымдуу күндөрүн жана жаңылыштыкты алдын алуунун жолдорун айтып келебиз.
Ишеним менен иш кылсаңыз, сиздин жашооңуз тынч жана күтүүсүз ийгилик менен өтөрү айтылат.
1.08 - тибеттик даанышмандардын айтымында, бул күнү чач кестирген адам акылын да кыскартып алганга тете жаңылыштык кетирет дешет. Жылдыз төлгө боюнча, Арстандар үчүн ийгиликтүү жасалга болот, чач кестирген кадам жашоодогу бир өзгөрүү менен коштолот.
2,12,28.08 - дал ушул күнү чач кестирүүнү пландап жатсаңыз, жагымсыз окуя менен тирешүүнүн күбөсү болуп калууга түрткү берген ишке күбө болосуз. Сиздин кадам - калыстык кылуу үчүн ашыкпаңыз. Канчалык жакын болсо да, ар кимдин абийири чечсин!
3,7,25.08 - энергиянын тең салмагы үчүн бугүн эч жакка чыкпай, ден соолукка пайдалуу эсеп менен күн өткөрүңуз.
4,9.08 - бүгүнкү чач жасалга кубанычтын жарчысы. Жан дүйнөңүз да жүктөн арылгандай жеңил жана шайыр боло түшөсүз.
5,17.08 - позитивдүү маанай жана таасирдүү учурдун ээси болом десеңиз, чачтарач сизден жаш болсун.
6,13,29.08 - чач тарачтын маеги, жолдогу кепке такыр көңүл бөлбөңүз, бир гана эмне үчүн чач кестирип жаткан себеп тууралуу ойлонуп, кыялданып ошол таасирлер менен жашаңыз, Мисалы, конокко бармаксыз же бир маанилүү жолугушуу үчүн чач жасатканы жатканыңыз тууралуу.
10,11.08 - имиджди өзгөртүү аздык кылат, жашоо нугун да өзгөртө турган магиясы бар бул күндүн. Болгону чачтарачтан кайткан жолдо үйгө таттуу ала келиңиз.
14,20,23.08 - мурдагы чач жасалгасын кайталап, өзгөрбөй тургандай же көнүмүш адаттын торунан чыга албай калгандай таасир калтырбай миң толгонуп, изденип жаңы чач жасалгасын орундатканда сизде күтүүсүз ийгилик кошо келет.
15,24.08 - ооруп калганча түйдөк чач жүргөн жакшы дешет улуулар. Чын эле чач жасатып кубанбай эле түйшүктүү күн болот.
16,19.08 - байлыгы менен, атагы менен даңаза болгон адамдардын ийгилиги магнит сыяктуу тартылат. Бир жолу байлар же атактуулар, ийгиликтин сырын тапкандар барган жерге барып чач кестирип кайтсаңыз, корогон акча үчүн өкүнбөйсүз.
21,30.08 - ичи тар менен көрө албастын торунан бошонгондой чач кестирүү менен жеңилдей аласыз. Болгону кесилген чачты таштандыга ыргыттырбай, үйгө алып келип ерттөп салыңыз.
Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ