www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ай толгон күндөрдөгү күч-кудуретке ишене билсеңиз, жашоодо жетишкендик жана ийгилик менен сыйланасыз дешет. Бекеринен чоң апаларыбыз айдын өзгөрүүсүнө маани берип, ага жүгүнбөгөн чыгар.
Мен бир окуяны эстейм. Апам (чоң апам) дайыма айды карап турчу, ай жаңырганда аба ыраынын келерки күндөрү кандай болорун билчү, айдан аманчылык тилеп, илегенге дан салып алып ага берип жаткандай жүгүнчү. Азыр эле баары андай ырым-жырымга ишенбей далилдөөлөрдү талап кылып жатпайбы. Өз эркиңиз, ошентсе да, эл арасында айтылган сөз күчүндө болот, астрологдордун кеңештерин жазганды унутпайбыз.
**
Кетилген айды көргөндөн кийин ай толо баштаган күндөрү өз аракеттериңизди эки эсе күчтөндүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мисалы, көптөн бери кандайдыр бир маселени аткара албай жүрсөңүз, же бир конфликт чечилбей жатса, ай толгон күндөрү сиз туура чечим менен туура жолго түшөсүз же керектүү жардамчылар кол сунат дегендей.
**
Эгер сиз жаңы бир иш баштайын деп жатсаңыз чочулабаңыз. Ай толгон күндөрдөгү тилек менен дубалар сиздин аракетиңизди колдоого алат жана жоготуу менен чыгашаны азайтат.
**
Эгер сиз аз болсо да карыз же кредит алууну ойлоп, бирок, кайтаруунун жолун таба албай күдүктөнүп турсаңыз айдын таасири сизге темирдей бекем эрк жана кайратмандык тартуулайт. Ай толгон күндөрү жакшы тилек менен карыз же кредит алуу келишимин түзө бериңиз, сиздин аракетиңиз көмүскөдө калбайт.
Эсиңизде болсун! Ай толгон күндөрдүн кудурети күчтүү болорун айтып жатканда сиз ой жүгүртүүңүзгө жана аракетиңизге абай болуңуз. Эгер башыңызда негативдүү ойлор жана ушак-айың кеп болсо терс энергетика көбөйүп эселенип кетпесин. Бул күндөрү позитивдүү ойлонууну эстеңиз. Бул күндөрү көңүлсүз болсоңуз да ийгиликке ынтызар болуңуз. Ай толгон күндөрү тамагыңызга да көңүл буруп, майлуу, жарым фабрикаттарды унута туруңуз.
Сиздин ийгилик айдын фазасынан эле көз каранды эмес, ишеним менен аракет башкы ролдо.
Булак: Шамбала