www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Канн шаарындагы мотордуу кайыктарды ижарага берген фирманын кожоюну менен анын кызматкерлери мотордун үнүн угушарын жана жээкке бараткан кайыкты көрө тургандыктарын айтып ишендиришкен.
Качан ал жакындаганда "Магдалина" деген атты окуй тургандыктарын айтышкан, андагы жүргүнчүлөрдү көргөндүктөрүн жана ал көрүңүш тез эле жок болуп кете тургандыгын тастыкташкан. Бул көбүнчө таң заарда же күүгүмдө боло тургандыгын белгилешкен. Алардын сөздөрүн арбак кайыкты көрүшкөнүн пристанга кокусунан келген адамдар да тастыктаган.
Чыныгы "Магдалина" деңизге 1972-жылдын июлунда бортундагы үч студент менен кетип, кайра артка кайтпай калган. Вертолеттор менен издөөдөн эч майнап чыкпаган. Аба ырайы жакшы болгондугуна карабастан, кайыктын калдыктарын эч жерден табышкан эмес.
Арбак кайык трагедиядан эки ай өткөн соң пайда боло баштаган. Бул 4 жылга созулган. Каннга барган парапсихологдор кайыкка жолуга алышкан эмес. Канткен күндө да, алардын келишин кайык сезип койгон сыяктуу. Каза болгондордун туугандары Каннга канча жолу келишкени менен кайыкты эч көрө алышпаган.
Алардын келиши да текке кеткен.
1972-жылы Майаминин жанындагы авиалайнердин кыйрашынан көп сандагы адам өлгөн трагедиялардын бири болуп саналат. 163 жүргүнчүнүн жана экипаждын 13 мүчөсүнүн жарымынан көбү каза болгон. Акыркы жылдары башка самолеттун учкучтары салондорунан каза болгон кесиптештеринин арбактарын көрө башташкан. Алардын көпчүлүгү менен аңгемелешүүгө да туура келген.
Бирок алар көз ирмемде көздөн кайым юолушуп, андан соң кайра келишкен эмес.
Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ