www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лондондогу кафелердин бирине 8 жылдын аралыгында ар бир кечте жана бир эле мезгилде бир сүйкүмдүү карыя келе берген жана бурчтагы эн акыркы столго отура турган. Ал эч качан эч нерсе сураган эмес, эч ким менен да сүйлөшпөгөн, жөн гана маңдайын карап отура берчү.
Дайыма келген кардарлар бул 1962-жылы өлгөн Чарлз Кремптон экендигин таанышкан. Мистер Кремптон ар күн сайын бир мезгилде, тирүү жашоосундагыдай бир кружка пиво ичүү үчүн келип турган. Кардарлар менен кафенин ээси арбактын алгач келүүсүндө өздөрүн ыңгайсыз сезишкени менен андан соң көнүп кетишкен. Кийинчерээк официант бул столго "бош эмес" деген жазууну коюп койгон, анткени зыяны жок арбактын тынчын эч ким албасын деп бул кадамга барган.
Кээде адам баласы ал жазууну көрүп турса деле өзүнүкүн бербейт экен. Бир-эки жолу келген кардарлар карыянын тынчын алышат. Анткен менен кафенин ээси аларды ордуна койгон. Бир жолу кафенин кожоюну боорукер жана мээримдүүлүгүн көрсөтүп, тигил дүйнөнүн адамына жакшы көргөн ичимдик - вискини астына койгон. Мистер Кремптон жайдары гана жылмаюу менен бир секунддун ичинде көздон кайым болгон.
Ушул окуядан соң ал кафеге бир айга жакын келген эмес. Бир жумадан соң жергиликтүү газетанын репортеру арбакты тартууга аракет жасаган. Көрсө, мистер Кремптонго бул иш жакпаптыр. Ал шашпай туруп, дааратканага кирип кетип ошол бойдон жок болгон. Репортердун пленкасы болсо күйүп кеткен. Бул окуядан кийин бир жумага жакын келген эмес.
Анын жоктугунан пайдаланып, арбактардын мергенчилери мекемени изилдеп чыгышып, ал отурган столдон тескери энергетикалык аномалияны табышкан. Ал жердеги температура мекеменин башка жериндеги Качан камераны алып салышканда, Кремптон кайрадан пайда болгон. Ошол күндөн баштап кафении кожоюну менен дайьша келген кардарлар арбакты коргоого алышкан. Алар жада калса эшикке; "Арбактардын мергенчилерине, репортёрлорго жана аномалдык көрүнүштөрдүн изилдөөчүлөрүнө кирүүгө тыюу салынат!" - деген жазууну илишкен. Бир топ жылдан кийин кардарлар фантом бир караган кишиге эрип турарын жана анын денесинин контурлары агып турган абалга келерин байкашкан. Бир кечте мистер Кремптон келбей калган. Аны андан кийин эч ким көргөн эмес. Адистердин пикиринде, арбактын энергетикасы өзүн жок кылган сыяктуу.
Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ