www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кандай маселе болбосун өз позициясын билдирип, калыс пикирин айткан Надира Нарматовага байланышып, коомчулуктун кызыгуусун жаратып жаткан Раимбек Матраимов тууралуу айрым суроолорго жооп алдык.  

-Надира эже, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина президент сотторго, прокурорлорго Раимбек Матраимовдун декларациясын текшерип, туугандарын кызматтан албаса, Жээнбеков менен Атамбаев элдешпейт деген пикирин айтып чыкты? Матраимовду Жээнбеков менен Атамбаевдин мамилесине байлаганыбыз туура элеби?

 -Атамбаев ыгы келсе да, келбесе да асыла берип, бийлик калкалап аткандай таасир калтыргандай сөздөрү менен соопчулук иштер менен алек болуп жүргөн Матраимовдорго жаңы өң, жаңы түс берип, чоң саясатка аралашышына жол ачып берди. Башкача айтканда, Атамбаев өз жоопкерчилигин Раимбек Матраимовго оодара салам деген аракети менен аны Кыргызстанга таанымал кылып койду. Бул жагынан кара пиар кылам деп үлгүлүү иштерин элге жарыялап берген Атамбаевге рахмат. Башкача айтканда, Атамбаев ыгы келсе да, келбесе да асылам, жаман көрсөтөм деп атып, тескерисинче Матраимовдордун мактоого татыган үлгүлүү иштерин жалпы журт биле турган мүмкүнчүлүк түзүп берди.   

Менимче, Матраимовдорго көө жабам, каралайм, элге жаман көрсөтөм дегендер “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” болуп соопчулук иштен башка жаман иштерге аралашпаган Матраимовдор тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатышты. Башкача айтканда, алардын мыкты экенин моюнга алгылары келбей жаткандар анын атын саясатка аралаштырып, бирөөнүн колу менен чок кармагысы келип жаткандай таасир калтырат. Чынында Матраимовдор жаман иштерден оолак болуп, соопчулук иштер менен алек болушкан адамдар. Мен билгени өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан кишилердин көз жашын аарчып, каражатын төлөп, дарыланышына, сакайып кетишине  шарт түзүшчү.

Кыскасы, Матраимовдор тапкан пайдасынан карапайым эл менен бөлүшүп, карапайым элдин  муктаждыгын чечүүгө жумшап, турмушу оорлордун жеңилин жерден, оорун колдон алышчу. Ачыгын айтканда, мындай ар тараптуу, ар багыттуу соопчулук иштерди миллионермин, баймын дегендин баары эле жасай бербейт. Ага да эрк, каалоо керек. Болбосо Матраимовдорго окшогон байлар, ишкерлер Кыргызстанда жүздөп саналат. Баары эле Райимбек Матраимовдой март эмес. 
 Финполициянын текшерүүсүнөн кийин чыккан салыкты да  заматта төлөп  коюу да Кыргызстанда сейрек кездешет.

Баса, Карамушкина тоту куш болуп, Кыргыздын кереке жараган мекенчил балдарына асылып, бирөөнүн жеке амбициясын коомчулукка жеткиргендин башка  үч чакырылыштан бери Кыргыз улутунун баалуулуктарын тебелеп тепсеп, ич ара чыр салып, кыйкырып бакырып, коомго жик салып,  шефине кызмат кылгандан башка эмне жакшылык кылыптыр?

Матраимовдор Атамбаевдин жана анын Карамушкинага окшогон командасы үчүн эмес, катардагы, төмөнкү катмарда жашап жаткан карапайым эл үчүн керек. Мамлекнттин казынасына кол салган, Карамушкина колдогон адамдар тескерисинче, мыйзам алдында жооп берсин.

“Кыз боозуп алып, энесин коркутат болбой”. Атамбаев менен Жээнбековдун тирешине Матраимовду байлагандык, суу кечпеген көрүнүш. Чынында Атамбаевдин ТЕЦ, Батукаев, имподром, музей жана алтернативалык жол боюнча   шектүү аракеттерине Матраимовдун эмне тиешеси бар. Атамбаев өзүнүн тагдырын Матраимовдорго байлап алганы орунсуз, осол  иш болуп калды. 

-Айтканыңызга ынаналы, бирок, коомчулукта Раимбек Матраимов салыкты жашырганы үчүн да жоопко тартылыш керек деген  пикирдегилер  чыга баштады го?

 -Салыкты ошол замат төгүп, кылмыштын курамы жок көрүнүп турса да, айрымдар аны каралоо максатында бөйрөктөн шыйрак чыгарып, салык төлөсө да жоопко тартылышы керек деп жатышат. Чынында  Р. Матраимовдордой байлар Кыргызстанда толтура. Финполиция  жок дегенде 200 байдын тизмесин тизмелеп,  текшерсе  жүздөгөн жеке менчик ишканалардан жашырылган салыктарды аныктаса, төлөөгө мажбур кылса  калыстык болмок. Саясат кылып  буларга гана таандык фирмаларды текшерип жатышат. Чынында мамлекеттин ичинде жеке менчик ишканаларды, акционердик компанияларды иштетип жүргөн, миллионер, бай  атка конгон жалгыз эле Матраимовдор эмес да.

Матраимовдор төккөн же финполиция аныктаган 24млн 275 миң сом салык мамлекеттик ишкананын же мамлекеттик казынага кол салган, уурулуктан тапкан  каражат эмес да. Ошондуктан мамлекеттик ууру, коррупционер деп, Матраимовдорду кечке эле каралап, бөчөкө кылып көрсөтө берүүнүн зарылчылыгы жок.  Эгерде мамлекеттин жардамын алып, тиешелүү пайда таап , салыгын төкпөй койсо кылмыш жоопкерчилиги тууралуу сөз кылсак болот эле.  Эгерде Раимбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары катары мамлекеттик казынага бир тыйын, зыян келтирген болсо  же бир документке туура эмес кол койгон болсо, укук коргоо органдары эчак эле  камап салмак. Эгер бажы тармагында мыйзамсыз аракеттер, туура эмес иштер болсо Бажы тармагынын төрагасы  жооп бериши керек.

Анткени, Матраимов төраганын чарбалык иштер боюнча орун басары гана болгон. Ал бул кызматка бир жылдан ашык гана иштеген.

Айтайын дегеним, Атамбаев бийликте турган жылдары Бажы тармагынын төрагасы болуп анын  сүймөнчүгү, жеке кадры болгон Кулматов Кубанычбек үч жолу төрага болуп төрт жыл Бажы тармагын башкарган. Ошон үчүн бажы тармагында мыйзам бузуучулук, коррупциялык схемалар орун алган болсо, катачылыктарга жол берилген  болсо Матраимов эмес, төрага Кубанычбек  Кулматов жооп бериш керек. Эгерде мыйзам ченемдүү талап болсо. Жыйынтыктап айтканда, бажы тармагында коомчулукта айтылып  жаткан ача пикирлерге Раимбек Матраимовду күнөөлөбөй, жалпы бажы тармагында 30 жылдан бери уланып келе жаткан системаны өзгөртүп, реформа жүргүзүш керек. Башкача айтканда, бажы тармагына мыйзамдуу өзгөртүү киргизүү учурдун талабы болуп турат. 

Чынайым Кутманалиева

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости