www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азамат анык Азамат экен

Маданият министри Азамат Жамангулов жаш да болсо өз алдынча маселе чече билген чечкиндүү экенин алгач кызматка киришкенде эле көргөздү. Ал статс-катчы Секимовдун Самара Каримованы мыйзамсыз музыкалык окуу жайга директор кылып дайындаган буйругун жокко чыгарып, ким кожоюн экенин айгинелеп, «музоо кезинде сүзүп» койгулары келген «карт бөрүлөрдүн» максаттарын таш каптырды.

Дегенибиз, статс-катчы өз алдынча буйрук чыгарып дайындоого укугу жоктугуна карбай Каримованы директор кыла койгону, Жамангулов жаш бала кийин бул жагьш тууралап коёбуз дегендей тоготпогон мамиле болгон. Дал ушул нерсени алдынала сезген Азамат мырза Секимовго сөгүш жарыялатып, Каримованы иштен алып, эч ким анын сыртынан тон бычууга укугу жок экенин көргөздү.

Азамат анык кыраакы азамат экен.

Эгер Азамат мырза Секимовдун мыйзамсыз кылыгына көз жуумп койгондо, буга окшогон иштер кийин да кайталана бермек.

Булак: "Ачык саясат"
 

Последние новости