www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги коомдук ишмер Самат Алиевди сөзгө тартып, түрдүү талкууга жем таштап жаткан КСДПнын тегерегинде баарлаштык.
-Самат мырза, КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу маселесин көтөрүп, фракция мүчөлөрүнө кат жөнөтүптүр. Алардын чечимин аткарбай койсо болобу же аткарууга милдеттүүбү?
-Юридикалык жактан алганда саясый кеңештин чечимин аткар деген милдеттеме жокко эссе. Бирок, моралдык жактан алганда жок дегенде фракциянын отуруму болуп, фракция лидерлиги боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алынышы керек эле. Тилекке каршы, бул саясий оюнга башкаруу жана аткаруу бийлиги дагы кийлигишип жатат. Ошол себептен КСДПнын ичинде жаралган маселени, КСДПнын ганаайланасында карабашыбыз керек. болот. Анткени, бул жагдай биздеги парламенттик башкаруу жаңы гана түптөлүп келеткандыгын агинелейт. Ошондой эле дагы көптөгөн саясий кризистерди жана башаламандыктарды көрөбүз дегенди билдирет.
-КСДПнын айлансындагы маселеге аткаруучу бийликтин да, башкаруучулардын да тиешеси бар дедиңиз. КСДПдагы келишпестик Атамбаев менен Жээнбековдун тирешин курчутпайбы?
-Кантип курчутпасын. Керек болсо аябай эле курчутат. Анткени, КСДПны рейдерлик жол менен алуу максатында "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жүргөн мурунку социал-демократтарды азыркы президеттин тегерегиндеги саясатчылар үгүттөп жатканы баарыбызга белгилүү эле болуп калды го.
-КСДПны Атамбаевсиз өнүгүшү мүмкүнбү?
--Ал эми Атамбаевсиз КСДП партиясынын жакынкы арада өнүгүүсүнө мүмкүн эместигине көпчүлүгү макул болот деп ойлойм. Себеби, бул жагдай саясий партияларынын жалаң гана лидерлердин жетелеме уюмдары болуп калганына далилдейт. Ишенбесеңер “Ата-Мекенден” Текебаевди, “Бүтүн Кыргызстандан” Мадумаровду, “Республикадан” Бабановду алып койсок, бул партиялар катардагы эле статистикада катталган саясий партиялар болуп калышат.
Булак: NazarNews.kg