www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ныязаалы атындагы музыкалык орто окуу жайдын директорлук кызматын сурап, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өзү арыз менен кайрылган.

Бул тууралуу "Азаттыкка" маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Ал мекеменин статс-катчысы Каримованы директорлук кызматка мыйзам бузуу менен дайындаганын, андыктан ал чечим жокко чыгарылганын айтты. Ошондой эле статс-катчынынын чечимине Каримованын арызы негиз болгонун кошумчалады:

- Самара Каримова өзү арыз менен кайрылган экен. "Менин каалоом бар, ушул орунга коюп берүүңүздү өтүнөм" деген арыз жазыптыр. Орун басарым ошол арызды канааттандырган.

Буга чейин дагы Самара Каримовага Сулайман-Тоо музейине директор кылып дайындашкан. Бирок ага карата бир топ сын пикирлерден кийин ал Сулайман-Тоо музейине директор болуудан баш тарткан.

КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алуусу да бир топ чырлар менен коштолгон. Канчалаган сындар айтылып, наамын кайтарып алыш керек татыксыз дегендерге карабастан наамдан баш тарткан эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости