www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кезде кимдер гана суктандырып, тилиңди шыкылдаттырган эмес дейсиң? Маселен Оштун “алп карасы” катары сыпатталган Мелис Мырзакматовду эмдигиче эсинен чыгара албай жүргөн өтө “күжүрмөн” кишилер азыр Кыргызстанда эле жүрүшкөн убагы. Качып кетсе деле көмкөрөсүнөн түшө калууга көздөрүн жайнаткан, тилдерин чайнаткан, күйүүсү аркылуу муздак сууну кайнаткандар дале болсо үмүтүн үзбөй “ысык илебин” арноого кызыктар. Аттиң, антсе да “кумири” алыста.

Өткөндө бираз арыктай түшкөн сүрөтүн интернетке сала калышып, энеси эгиз төрөгөндөй кудуңдашты, мурдагы жандоочтору. Санаадан улам арыктап кеткенин тимеле билдиргиси келишпейт, чунактар. Кандай болгон күндө да эми Мекең өлкөгө мурдун салалбайт. Себеби, мэр болуп көөп турганда азыркы ажого кыйла кыр салып,теңсинбеген күндөрү болгон. Минтип падыша болуп кетерин сезгенде алдына миң ирет ийилип оокатын кылмак. Ошондуктан канчалык күйпөлөктөсөңөр деле оңдуу майнап чыкпайт, Мырзакматовдун “күйөрмандары”. Качкан жолборстон көрө мында азыр отурган мышыктын кадыры бир канча өйдөрөөк десек чычалабастыр, кайгыдан арыктаган Мелистин жан-жөкөрлөрү?

Булак: “Ачык сөз”

Последние новости