www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азандын үнүн туураган ит

Бул окуяга чындап айтканда бүгүн күбө болдум. Түшкү эс алуу убагында карындашым Кенже үйүнө чакырып калды, келип кетиңиз –деп. Мен макул болуп барып, баарыбыз жакшынакай эле түшкү тамакты ичип жатканда, жакын жердеги мечиттен молдокенин айткан азан үнү угулуп калды. Ага удаа эле катарындагы кошунасынын ити дагы  кудум азан үнүн туурап уулуп кирсе болобу. Мен таң калып калыптырмын.Күйөө балам Бакыт айтат:

-Байке, бул ит дайыма азан чакырылганда ушинтип азан үнүн туурап уулуйт. Бирок башка убакта такыр уулубайт-деп калды. Азыр бизде мечит көп эмеспи. Аз убакыт өтпөй башка мечиттен дагы азан чакырылып калды. Ит дагы ал үндү туурап уулуду. Бул окуяга күбө болуп, молдокелердин айткан кебин эстедим.

Бир убакты молдокелер айтып чыгышты эле го “Үйгө итке караганда, мышыкты баккан жакшы. Ит келе жаткан периштелерди кубалайт” деп. Мен бүгүнкү иттин азанды туураган үнүн уккандан кийин молдонун айтканын да кылбаш керек деген ойго кабылдым. Айткандай ит азан үнүн угуп, макулук болсо дагы туурап үргөнү эмне деген бул жашоонун сырын ачып жатат. Керек болсо адам баласы азан айтылып жатканда көңүл бурбайбыз, ал эми ит жан алы калбай азан үнүн коштогону бул да бир нерседен белги бергенсийт. Эгер кызыккандар болсо, мен иттин үнүн угузууга даярмын. Кулак менен уккандан көрө көз  менен көргөн чындыкка жакын экенин эсиңиздерге салам. Айтайын дегеним, азан айтылган кезде балким ит дагы бир жагымдуу нерсени көрөт же байкат чыгар. Болбосо итке анын эмне кереги бар эле. Кымбаттуу окурмандар, бул окуя менен эмнени айтайын дедим, азан үнүн укканда азга болсо дагы аярлап кулак салып угуп койгон туурабы деп ойлоп калдым. Анткени акылы жок ит азан үнүнө жан алы калбай көңүл буруп жатканы, бир нерсени көргөнү эмеспи. Айтылат го иттин көзү ачык деп. Эмне болгон күндө дагы биз бул жашоонун сырын ачып бүтө албайт экенбиз. Айткандай “ит адамдын досу” деп бекер айтылып калбаса керек. Ушул жагын дагы эске алып койгонубуз оң

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости