www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ооган согушуна катышкан аскерлердин эрдиги жаштарыбыз үчүн Мекенге кызмат кылуунун, мекенчилдиктин, Мекенин коргоонун үлгүсү болуп кала берет!», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулушта.
Мамлекет башчысы көп улут өкүлдөрүнөн турган Советтик армиянын катарында жети миңден ашык кыргызстандыктар өз м лдетин аткарганын, өлүмдөн коркпой, баатырдыктын үлгүсүн көрсөткөнүн эске салды.

«Тогуз жылдан ашык созулган Ооган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө өчпөс так калтырды. Миңдеген мекендештерибиз уулдарынан, бир туугандарынан, аталарынан, өмүрлүк жарынан ажырады. Ооган согушунда 248 кыргызстандык мекендешибиз курман болду. Бир жарым миң жоокерибиз жаракат алып, кырчындай болгон жаш жигиттер майып болушту. Аскердик милдетин каармандык менен аткарган бардык мекендештерибиздин эрдигине баш ийип, аларга урматыбызды билдиреб з. Кырчындай жаш өмүрүн курмандыкка чалган баатырларыбыздын элесине таазим этип, каармандыгын даңктайбыз!», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал 247 кыргызстандык СССРдин жогорку мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланып, эки жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга татыганын эске салды. Алар — Ош облусунун Базар-Коргон районунун Арсланбоб кыштагында туулган кенже сержант Юрий Исламовго курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Ушундай жогорку сыйлыкка Чүй облусунун Сокулук йылынын тургуну капитан Сергей Гущин дагы татыктуу болгон.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Борбордук Азия бүгүн да дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда турат. Мунун негизги себеби — Ооганстандагы кырдаал. 
«Региондогу тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо — актуалдуу милдет бойдон калууда. Жарандардын ар кандай диний-экстремисттик кыймылдарга катышуу тенденциясы өсүүдө. Айрым мекендештердин жалданма террорчуларга азгырылып жатканы тынчсыздандырат. Диверсиялык-террористтик тажрыйба топтоп келген террорис ттердин региондогу кырдаалды курчутууга аракеттенип жатышы өзгөчө кооптондурат. Буга эч убакта жол берүүгө болбойт. Ооганстан — бизге коңшу өлкө. Ошондуктан бул өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга кайдыгер боло албайбыз. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун, Шанхай Кызматташтык Уюмунун, Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында региондо коопсуздукту камсыз кылуу аракеттерин мындан ары дагы күчөтөт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 
Ал Ооганстан боюнча экономикалык, энер етикалык жана транспорттук-комуникациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык өнөктөштөр менен Кыргызстан тыгыз иштешүүгө даяр экенин, «CASA-1000» энергетикалык долбоордун алкагында Тажикстан менен бирге Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттойлу деген ниетибиз бардыгын белгиледи. 

«Эгемен жылдары биз тынчтыктын жана туруктуулуктун чыныгы баасын билдик. Эл аралык терроризм жана сепаратизм канчалык коркунучтуу экендигин өз башыбыздан өткөрдүк. Мекенибиз кыйын кырдаалдарга туш болгон учурларда жоокер-афг нчылар элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого биринчилерден болуп жардамга келишкенин элибиз эч качан унутпайт. Бүгүнкү күндө да жоокер-интернационалисттер коопсуздук күчтөрүнүн авангарды. Сиздер — Кыргызстан элинин ишенимине, сый-урматына ээ болдуӊуздар. Сиздердин атуулдук, мекенчил демиңер — жаштарды тарбиялоодо, күжүрмөн аскердик салтты таратууда жана өлкөбүздүн коопсуздугун чыңдоодо абдан зор ресурс. Турмуштук тажрыйбаңар азыр дагы Куралдуу Күчтөргө, укук коргоо органдарына, мамлекеттик жана коомдук уюмд рдын ишине керек», — деп Мамлекет башчысы ооган ардагерлерине кайрылып, алардын активдүү иштерине ыраазычылык билдирди.
Андан соң Ооган согушунда баатырдык менен курман болгон мекендештердин жаркын элесин эскерүү үчүн бир мүнөттүк эскерүү жарыялады. 

Мамлекет башчысы сөзүн жыйынтыктап жатып, мамлекет экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша Ооган ардагерлерине социалдык колдоосун үзбөй көрсөтүп жатканын, башка социалдык-экономикалык маселелердин катарында алардын да маселелери ырааты менен чечилерин белгиледи. 

Президент Сооронбай Жээнбеков советтик аскерлердин Ооганстандан толук чыгарылышынын 30 жылдыгы менен куттуктап, Мекенибизге тынчтык, ар бир кыргызстандыкка бекем ден-соолук, бакыт каалады. Ардагерлерге сыйлык тапшырылып, салтанаттуу жыйын концерт менен жыйынтыкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости