www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Крминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын  кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.

2014-жылдын жазында “Алмаз” аттуу жаран жабырлануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип транспорт каржатын сатып берем деп алдамчылык иш-аракетин кылган. Шектүү Чүй обулусунун жашоочусунун “Ниссан Максима” үлгүсүндөгү автоунаасын алдоо жолу менен ээлеп, андан соң изин жашырып качып кеткен. Жабырлануучу ири суммадагы чыгымга учураган.  Ал эми, автоунааны үчүнчү жакка саткандыгы маалым болгон. Жабырлануучу 2019-жылдын январь айында милицияга кайрылып, анын укугу менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган.  ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын (УККБ) кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталып, Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 1975-жылы туулган У.А. аттуу жашоочусу кармалган. Шектүү азыркы учурда алдамчылык фактысы боюнча жазаларды өтөө мекемесинде жаза мөнөөтүн өтөп жаткандыгы аныкталды.

Ошондой эле Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча 1975-жылы туулган У.А. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости