www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык Мунапыс Уюму, Адам Укуктарын Байкоо Уюму (HRW), Дүйнөлүк уйгур конгресси менен көп сандаган аймактык жана эл аралык жарандык уюмдар биргелешкен билдирүү жарыялап, БУУнун Адам укуктары кеңешин Кытайга байкоочу жиберүүгө үндөдөдү.
Эл аралык Мунапыс Уюму (Amnesty International) жана айрым жарандык коомдук уюмдар, 1 миллиондон ашуун мусулман уйгур түркү концлагерлерде кармалган Кытайдын Шиңжаң Уйгур автономиялуу аймагына байкоочу делегация жөнөтүшү үчүн БУУнун Адам укуктары кеңешин милдетин аткарууга чакырды.
Эл аралык Мунапыс Уюму, Адам Укуктарын Байкоо Уюму (HRW), Дүйнөлүк уйгур конгресси менен көп сандаган аймактык жана эл аралык жарандык уюмдар кол койгон биргелешкен билдирүүдө, Мусулман уйгур түрктөрү дуушар болгон адам укутарын бузуулар темасында БУУнун Адам укуктары уюмуна чакырык салынды.
Билдирүүдө, адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын абалды байкоо жана андан кийинки тийиштүү жыйналышта концлагерлерде кармалган уйгур жана башка мусулмандардын абалы тууралуу чындыкты ортого салыш үчүн аймакка байкоочу делегация жөнөтүлүшү боюнча чакырык салынып, Кытайдын бул делегацияга аймакта «көз карандысыз, чектөөсүз жана текшерүүсүз» байкоо уруксатын бериши керектигине шилтеме кылды.
Кытайда «адам укуктарынын эң жогорку стандарттарга шайкеш келиши керектиги» боюнча чакырык ташталган билдирүүдө, Пекин башкаруучулугунун өзү мүчөсү болгон Кеңештеги милдеттерин орундатуусу керектигине басым жасалды.
Түркиянын Тышкы иштер министрилигинин басма сөз катчысы Хами Аксой ушул жумада жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кытай органдарынын уйгур түрктөрүнө карай систематикалык ассимиляция саясатынын адамзаттын атынан уят булагы болгонун белгилеген.
Кытай органдарын, уйгур түрктөрүнүн негизги адам укуктарын урматтоого жана концлагерлерин жабууга чакырган Аксой: «Түрк коомдук пикиринин адам укуктарын оор түрдө бузуулары темасындагы каршы чыгуусунун Кытай органдары тарабынан эске алынышын күтүүдөбүз»,- деп билдирген.
АКШ Конгрессинде сүйлөшүлүүсү уланып жаткан мыйзам долбоорунун да уйгур түрктөрүнө карай адам укуктарын оор түрдө бузуусунун себебинен Кытайга санкция киргизилишин талап кылат.
Ал эми Кытай бийлиги Түркиянын бул эскертүүсүнө жооп берип, айтылган айыптоолорду моюнга алган эмес жана жокко чыгарган билдирүү жасаган.
Кытайдагы уйгур, казак, кыргыз улутундагы мусулмандардын “Тарбия лагери” деп аталган жайлары тууралуу сын пикирлерден кийин аталган мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү чакырылып, аларга көрсөтүлгөн. Бирок Кыргызстандын ТИМинин тиешелүү кызматкерлери Кытайдагы лагерлерде көргөн-билгендери тууралуу эч кандай комментарий берген эмес. Казакстандын бийлиги болсо, бир ай мурда Пекин менен эки миң этникалык казактарды көчүрүп келүү келишимин түзгөн. Кыргызстанда болсо жарандык коомдор жыл башынан
бери эки ирет (7-17-январь) “антикытайлык” митинг өткөрүшүп, бул маселеден тышкары Кыргызстанда мыйзамсыз иштеген кытайлыктарды депортациялоону талап кылышкан. Бирок кыргыз бийлиги бир да мыйзамсыз жүргөн кытай жараны жок экендигин билдирип келет.
Аталган акциянын уюштуруучусу, жарандык активист Аманбол Бабакулов биздин редакцияга берген маегинде “Кыргызстандын укук коргоо уюмдарынын кызматкерлери бир да кытайлыкты депортация кыла албайбыз. Анткени алар мыйзамдуу жүрүшөт...”,- деп жооп берди деген.
Булак: NazarNews.kg