www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окурманыбыз өзүнүн арзуусун айтып биздин электрондук [email protected] дарегибизге кат жолдогон. Ал Жогорку Кеңештин депутат айымы Элвира Сурабалдиевага болгон сүйүүсүн коомчулукка бөлүшкүсү келгенин айтып төмөндөгү катты жөнөткөн. Каарманыбыздын сыр туткан арзуусун сиздер менен бөлүшмөкчүбүз.

Мен сизден үч-төрт жашка улуумун. Бирок мен сизге жолуга да албайм жана жолукканга күчүм да жетпейт. Анткени сиз мен үчүн абдан бийик адамсыз. Телевизорду көрүп олтуруп сиз жөнүндө жагымсыз сөз айтылбаса экен деп тилейм. Ал турсун газетага дагы жамандалып чыгышыңызды каалабайм. Мен сиздин сүрөтүңүздү дагы жаныма сактап жүрөм. Бул эми менин сизге карата болгон сый-урматым. Сиздин келбетиңиз, үнүңүз, ал турсун фигураңыз дагы көзүмө бир башкача көрүнөт.

Сизди көргөндө мен сизден аял затынын аруулугун, назиктигин, айкөлдүгүн, сабырдуулугун, амалкөйлүгүн, кечиримдүүлүгүн, сулуулугун, чыдамкайлуугун жана жагымдуулугун көрөм. Аял заты албетте “эне” деген ыйык атка татыктуу болгон үчүн, баардык жагынан улуу болгону туура эмеспи. Эч качан мен сиздин оозуңуздан жагымсыз сөз чыгарын элестете да албайм. Анткени сизде андай жагымсыз сапат жок. Ошол себептен сиз эл жүгүн көтөрүп депутат болуп жүрөсүз.

Айтайын дегеним, башка оозуна алы келбеген депутаттардай чырылдап өтүп кетчү нерсеге ачууланып, жагымсыз көрүнүшкө кабылбасаңыз экен. Анткени менин сизге болгон арзуум таза бойдон калышын тилейм.

Тилек Бакиров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости