www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ажылдаган апаңа силер үчүн чыдайм...

Окурманыбыз өзүнүн арыз-муңун бөлүшүп биздин [email protected] электрондук дарегибизге кат жолдогон. Каарманыбыздын жашоодогу көйгөйүн сиздерге бөлүшмөкчүбүз.

Эмнегедир тагдырлар тууралуу жазылган макала, постторду көп окуп баштадым. Балким меникине окшош окуялар кездешип калса эл кантип кабыл алаарын билгим келгенден болуш керек. А бүгүн өзүм жазууну туура көрдүм. Үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз, 10-класста окуган сиңдим бар. Апам 43тө, кесиби боюнча бухгалтер болгону менен учурда үйдө эле. Атам 50 жашка чыгып калды, кесиби боюнча экономист.

Бирок, проекттер менен иштешкендиктен көбүнчө эле бир жактарда семинарларда жүрүп, үйдө аз болот. Материалдык жактан кыйналбасак деле эмнегедир үйдө дайым эле пикир келишпөөчүлүк болуп, эки күндүн биринде чыр чыгып турчу. Ансыз да үйдө аз убакыт болчу атамды апам дайым жемелеп эле турчудай сезилчү.

Бир күнү атам экөөбүз үйдө жалгыз калганда, атам агынан жарылып, арманын төгүп кирди.

-“Апаң менен жашаган мен үчүн аябай оор болууда. Силердин көңүлүңөр чөкпөсүн деп унчукпай келгеним менен, мындан артык чыдабайт окшойм. Ажырашып ызы-чуу көтөргүм келбейт. Апаңдын тажаал мүнөзүнөн тажап, үйгө келгим келбей качып жүрүп бир аялды жолуктурдум. Жагымдуу сүйлөп, даамдуу тамак-аштары менен эки көзүн төрт кылып дайыма күтүп турат. Мамиле курганыма жарым жыл болуп калды. Жакында бир айлык боюнда бар экенин уктум. Төрөсүн, багамда. Силерди да эч нерседен кем кылбайм. Ансыз да апаң менен пикирибиз келишпейт, аны жакшы билесиң. Сиңдин мындай нерсени түшүнүүгө жаштык кылат. Учурда бул нерсени сенден башка эч ким менен бөлүшө албайм. Азырынча экөөбүздүн ортобузда болсун. Апаңа шашпай түшүндүрөм” – деди.

Атам мени чоң адам көрүп, мынтип сырын бөлүшүп отурду. Аскар тоом, ишенгеним болгон атамдын бул сөздөрү мен үчүн кыйла эле оор болду. Кандай абал болбосун, апама каршы чыгып, атамдын тарабында болчу мен дендароо болуп отуруп калдым. Дароо эле көз алдымда түн бир оокум болсо да атамдын кийимдерин үтүктөп, эртеңки сапарына баарын тактап салыштырып отурган апам элестелди. Канчалык ажылдаса да, атамдын атына кир жугузбай, үй-бүлөсүн кармап, бизге күйүп келген апам эмеспи. Атамды, бизди күтүп жүрүп, өзүнчө карьера дегенди унутуп да койгон. Бул нерсени укса шок болсо керек.

Ал күндөгү сүйлөшүүдөн бери 2 ай өттү. Демек, атамдын жанагы “сүйгөнүнүн” боюндагы баласы 3 айлык болуп калды. Бул нерсе таптакыр оюмдан чыкпай койду. Апамды көргөн сайын жүрөгүм эзилет. Же атам да батырак айтып, чечишип албайт.Апамдын алдында өзүмдү кылмышкердей сезип, жүзүнө тик карай албайм. Айтып салайын десем атама кыянаттык кылгандай болом. Эки айдан бери ары же бери боло албай өзүмдү жеп бүтүрөй болдум.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости