www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Охо-хо-хо холдинг” деген эмне?

«Улуттук Энергохолдинг» деген аталыштагы башкармалык бар. Айбек Калиев камалып кеткени башкармалыктын эки тизгин бир чылбыры Азамат Абдыкадыров деген немеге тийген. Эмнени кыйратып атканын билбейбиз, бирок 200 000 (эки жүз миң) сомдун тегерегинде айлык алаарын жакшы билебиз.

Эки-үч жума мурун Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров Абдыкадыровго: «Канча айлык аласыз, так сурайын, сентябрь айында канча сом колуңузга алдыңыз» деген суроо берди. Азамат мырза, «100 000 (жүз миң) сом алам» деп жооп берип, кээде бул суммадан да ашык айлык болоорун кошумчалады.

Ошондо бул алган айлыгынын теңин эле айтты. Жашырды. Эми бизге кызыгы Азамат Абдыкадыров кайсы эмгеги үчүн олчойгон айлык алат?

Дегиле «Энергохолдинг» деген эмне кызмат аткарат? Булардын эмгеги мындай айлыкка татыктуубу?

Суроолор көп, жооп жок…

Булак: "Мантыш"

Последние новости