www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-январда Абу-Даби шаарында футбол боюнча Азия кубогунда Кыргызстандын курама командасы каршылашы Бириккен Араб Эмирлигинин командасына 3:2 эсебинде жеңилди. Оюн "Шейх Зайид" стадионунда өттү.

Эсепти 1-таймда атаандаштар ачса, аларга удаа эле оюндун 26 мүнөтүндө 10-номердеги Мирлан Мурзаев топту киргизип, эсепти 1:1 кылды. Андыктан, беттештин биринчи бөлүгү тең болду.

Оюнда кыргызстандык спотчулар бир топ учурларда чеберчилигин көрсөтүп, атаандаштардын шаштысын кетирген учурлар болду. 

Команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кыргызстан да чейрек финалга өтчү командалардын арасында болушу керектигин, бул үчүн ал бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгтлеген.

Букмекерлер мындан бир нече күн мурда Кыргызстан курама командасынын Бириккен Араб Эмирлигинин футболчуларын утуп алуу мүмкүнчүлүгү төмөндүгүн эскертишкен. 

КР командасы тайпалык беттеште Кытай жана Түштүк Корея командаларынан утулганы менен, филиппиндиктерди утканын билебиз. Плей-оффко улуттук команда тайпадагы үчүнчү орундан чыккан.

Булак:NazarNews.kg



 

Последние новости