www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Улуу Улуттук жыйынынын депутаттары Жевдет Йылмаз менен Лютфи Элванды кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы жана байланыштардын мындан аркы келечеги талкууга алынып, тараптар саясий-экономикалык алакаларды арттыруу боюнча пикир алмашты.

Төрага Дастанбек Жумабеков акыркы жылдары кыргыз-түрк мамилелери ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп: “Түркия Кыргызстан үчүн тарыхый байланышы терең боордош өлкө гана эмес, негизги стратегиялык өнөктөштөрдүн бири. Андыктан, Жогорку Кеңеш да ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кызыкдар. Айрыкча, эки өлкөнүн парламенттеринин алдында мамлекеттер аралык кызматташтыкка тиешелүү бир катар олуттуу маселелерди чечүү максаты коюлган. Ага ылайык, конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу, бардык багыттагы алакаларды арттырууга басым жасообуз кажет”, – деп кошумчалады. 

Муну менен катар соода-экономикалык байланыштарга кеңири токтолгон Жогорку Кеңештин Төрагасы бул жааттагы көрсөткүчтөр өз деңгээлинде болбой жатканын билдирип: “Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 300 млн. АКШ долларынын тегерегинде гана болууда. Мамлекет башчыларыбыздын жолугушуусунда бул маселе көтөрүлүп, соода байланыштардын көлөмүн 1 млрд. АКШ долларына чыгаруу мерчемделген. Ошондуктан, коюлган максаттарды ишке ашыруу жаатында парламенттер аралык сүйлөшүүлөрдү да колго алуубуз керек”,– деди.

Өз кезегинде Түркия Улуу Улуттук жыйынын депутаттары өз иш сапарларынын максаты да ар тараптуу байланыштарды арттырууга багытталганын белгилешти. Алсак, депутат Жевдет Йылмаз  Кыргызстандагы иш сапары алкагында бир катар жолугушуулар өткөнүн маалымдап: “Тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү менен экономикалык байланыштарды чыңдоо жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жаатында сүйлөштүк. Жакынкы аралыкта эки тараптуу жолугушуулар менен катар бизнес чөйрөлөрүнүн катышуусунда ири инвестициялык форумдарды өткөрүү мерчемделүүдө”, – деп билдирди.

Ошондой эле бүгүнкү жолугушууда коопсуздук маселеси да көтөрүлүп, эки элдин тыгыз кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча да сүйлөшүүлөр болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости