www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз коомчулугунда көптөн бери кытайлар өлкөбүздү каптап кеткендиги тууралуу сөздөр көчөдө, базарда карапайым адамдар тарабынан айтылып келаткан. Айрыкча 60 миң кыргыз кыздары кытайларга турмушка чыккандыгы боюнча кептер жөн гана кулакка кирип-чыкпастан, ар бир мекенчилдик сезими, ар намысы бар кыргыз атуулун намыстантпай койбойт эмеспи.

Эгер Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард доллардан ашса, анын жарымына барабары Кытайдан алынган кредит эмеспи. Айрыкча экс-президент А. Атамбаевдин тушунда башка майдаларын айтпаганда да Бишкек ЖЭБин модернизациялоого, альтернативалуу түндүк-түштүк жолун жана “Датка-Кемин” электр чубалгысын курууга бир нече жүздөгөн миллион долларлар алынып, максатсыз пайдаланылып кетти. Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчиси бул карыздардын тагдыры тууралуу жергиликтүү журналисттердин суроосуна “Алган карызды өз мөөнөтүндө жана толук төлөп берүү керек...”,- деп кыска жана сырдуу жооп кайтаргандыгы ар бирибизди сестенте койгон.

Чындыгында бүгүнкү күндө экономикасы дүйнөдөгү экинчи орундан биринчиликке озунуп, эли ит, бака, жылаан, эшек, курт-кумурскага чейин ылгабай жей берген кытайлардын экспансиясы биздей чакан жана жарды кошуна өлкөнү мындай кой, ары жагы океандын аркасы, бери жагы Казакстан, Россияны деле сестентүүдө. Бир чети экономикасы дүйнөдө экинчи орундан биринчиликке умтулуп, АКШны такымдап калган, калкынын саны 1 миллиард 300 млн.го жакын бул чоң мамлекеттин башка жагын айтпаганда да, экономикалык жактан үстөмдүк кылаары мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Кытайлар  Кыргызстанга турист эмес, инвестор катары келишип, көпчүлүк учурда курулуш, жол куруу жана тоо-кен тармагында иштеп жатышат. Карапайым калктын кыжырын келтирген дагы бир жагдай, кытайлардын тиешелүү мамлекеттик чиновниктерге пара берип коюп мыйзамсыз жүрүп жаткандыгы болууда. Бирок Мамлекеттик миграция кызматы өткөн жылы болгону 10 миң чет элдиктерге өлкөбүздө иштөө үчүн уруксат берилип, алардын 9500ү кытайлар экендигин, бир да кытай мыйзамсыз же визасыз жүрбөй тургандыгын айтып жооп берүүдө. Ал тургай өткөн жумада Миграция кызматы “Кырк чоро” уюмунун өкүлдөрү менен Кара-Балтадагы кытайлар эң көп деген “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводун текшеришти. Натыйжада алар бир да мыйзамсыз иштеп жаткан кытайды кармай алышкан жок. Ал эми социалдык түйүндөрдүн колдоочулары бул текшерүү тууралуу алдын ала кабар берилгендиги үчүн бир да уруксатсыз иштеп жаткан кытай кармалбагандыгын жазышты.

Кытайларга карата жергиликтүү элдин дагы бир жек көрүү сезими, алардын алтын кендерибизди каалагандай иштетип, түбөлүк ордуна келбей турган кооз табиятыбызды согушта бомба түшкөндөгүдөн да жаман талкалап жаткандыгында жана өздөрү иштеткен кыргыз жарандарын уруп-сабаган учурларынан да күч алууда. Ал тургай акыркы 2-3 жылда Бишкектин 50гө жакын көчөлөрүнүн 50 млн. доллар грантка кытайлар тарабынан курулушу деле элибиздин антикытайлык маанайын өзгөртө алган жок. Кайра чочулоо сезимин пайда кылууда.

Акыркы ирет Кытайдагы кыргыздардын “тарбия лагери” деп аталган жайларга камалып, кордук көрүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар отко май чачкандай эле болду. Ким билет, ушул жагдай түрткү болдубу же жаз алды менен Кыргызстандагы саясый оюндарды өз максатына пайдаланууну көздөгөн ички-сырткы күчтөр демилгени колго алып кетиштиби, айтор кытай экспансиясы тууралуу жагдай митинг, пикетке айланып, саясый мүнөзгө ээ болду.

17-январда Ала-Тоо аянтына уюштуруучулардын өздөрүнүн айтуусунда үч миңдей, укук коргоо органдарынын маалыматында 500дөй адам кытай экспансиясына каршы митинг уюштурушту. Жарандык активист Аманбол Бабакулов уюштурган бул акцияны мамлекеттик ММКлар чагылдырбаган менен көзкарандысыз маалымат каражаттары, социалдык тармактар ал тургай түз эфир аркылуу чагылдырышты. Алгач башаламан болуп, ал тургай айылдардан келген бир адам мас болуп сүйлөгөн менен түшкө жакын кырдаал саясый өңүткө өзгөрүп кетти. Болгондо да түз эле президент С. Жээнбековдун дарегине сын, дооматтар айтыла баштады. Ораторлордун бири 1500 кенибиз кытайларга берилип кеткендигин айтса, дагы башкасы жаштарыбыз Россия, Казакстанга дал ушул кытайлар кен байлыктарыбызды ээлеп алгандыктан, жумуш издеп кетип жаткандыгына басым жасады.

Митингчилерге Мамлекеттик миграция кызматынан, жергиликтүү бийликтен өкүлдөр келишип ар бир суроого жооп беришти. Бирок жаалданган митингчилер алардын айтыла берип ашмалтайы чыккан жоопторуна канааттанбай, Президенттик администрациядан жетекчилер, Парламенттин депутаттары келишин талап кылышты. Алар жок дегенде Кытайда “тарбиялоо лагерине” камалган кыргыздар толук бойдон бошотулгандыгын айтып койгонго да жарашпады.

Ким билет, Ак үй тарап бул митингге анчалык көңүл бурбадыбы же Президенттин тегерегиндегилер С. Жээнбековду жаманатты көргөзгүсү келиштиби кош көңүл мамиле жасашты.  Ошол эле учурда А. Бабакулов баш болгон уюштуруучулар, коомдук тартипти бузган 21 адам кармалып, алды түшүнүк кат жазып берип, арты айып төлөп чыгышты.

Бирок ушуну менен эле элдин антикытайлык маанайы басылып калды деп айтуу кыйын. Балким, бул жаз алды менен азыркы кыргыз бийлигине, Президент С. Жээнбековго каршы ички же сырткы күчтөрдүн “чабуулунун” башталышы болуп жүрбөсүн...Бул коңгуроонун биринчи гана кагалышы...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости