www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдү талашып жүргөн Владимир Жириновский айткан экен: «Энем орус, атам физик» -деп, анын сыңарындай энеси татар, атасын ким билет Фарид Ниязов деген атка минер болгон. Ал шефи Атамбаевдин башына оор кыйынчылык түшкөндө пайдалануу үчүн өзүнүн жаратканынан  үч конверт сурап алат.

Биринчи конвертти 2005-жылы 24-мартта биринчи революциядан кийин ачат: «Кудай буюрса, шефиң министр, андан соң  премьер-министр болот» -деген жазуу бар экен.

Экинчи  конвертти 2010-жылы 7 -апрелде экинчи революциядан кийин ачат: «Кудай буюрса шефиң премьер-министр, андан соң президент болот» - деген жазуу бар экен.

Үчүнчү конвертти 2019-жылдын 8-августунан кийин  ачса: «Кудай буюрса, соодаңар бүткөн экен. Эми куйругуңарды түйгүлө» -деген жазуу бар имиш.

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости