www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польшадагы иш аракеттерге Германияны жеңген СССРдин ордунда калган Орусиянын президенти Путинди чакырышкан жок. Түркиянын президенти Эрдоган, Белорус президенти Лукашенко жана дагы бир топ президенттер Путинди чакырбай койгон соң Польшага баргандан баш тартышты. Президент Доналд Трамп Флориадага жакындаган катуу урагандан улам, сапарынан баш тарткан.

Германиянын президенти Франк-Валтер Штайнмайер тарыхтагы эң кандуу жаңжал үчүн Польшадан кечирим сурады. Президент жекшембиде 1939-жылдын 1-сентябрында нацисттер тарабынан биринчи болуп аткыланган жана бомбаланган Велюнь шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганынын 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышты.

“Германиялык тираниянын курмандыгы болгон поляктарга таазим этем жана кечирим сурайм”, -деди Штайнмайер немис жана поляк тилдеринде сүйлөп.

Аземге катышкан Польшанын мамлекет башчысы Анджей Дуда нацисттик Германиянын Польшага кол салуусун “варвардык аракет” деп сыпаттады. 50 миллиондон көп кишинин өмүрүн алып кеткен согушта алты миллиондой поляк, ичинде үч миллион польшалык жөөт курман болгон.1-сентябрдын кечинде Варшавада өтчү иш-чарага Германиянын канцлери Ангела Меркель жана АКШнын вице-президенти Майк Пенс да катышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости