www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

...Эртеси таң атпай стадиондон куудул Абдылданын үнү жаңырып, Президент Бакиевди көкөлөтө мактап, элди үндөп жатты. Мен мейманканадан чыгып, стадион тарапка басып барып куудулдардын сөзүн угуп турсам Ж. Жээнбеков балдары менен келип калды, кызуу экен. Ал мага арыз-муңун айтып кирди. «Сузакта, Жалал-Абадда Атамбаевге эл чыкпайт, Бакиевдерди колдойт да, эмне менин баламды айтат, эгерде аны Бакиевдер жок кылганын билсе, ачыгын айтпайбы, кайда экенин?!»- деп күпүлдөдү. Мен ага: — ​Жусуп, ал силердин партиянын лидери, сени депутат кылган адам, 200–300 адамды чогултуп, жок дегенде бир жерге жолугушуу уюштуруп койбойсуңбу, душман көзүнө болсо да, сеники да туура эмес. Албетте, Алмаз дагы кызууланып сени сөккөнү аша чапкандык, — ​дедим.

Аңгыча бир аял кыйкырып: «Чыгаргыла тезинен, чыгаргыла?- деп жаңжал чыгара баштады. С. Момбеков келип: «Азике, биз Кыргызстанда жүрөбүзбү? Кыргызбызбы? Тигил аял кеткиле, чыккыла деп тополоң салып жатат, гостиницанын ээси имиш» — ​деди. Мен Жээнбековго карап: -“ Кой деп койбойсуңбу?” — ​дедим. Анын бир адамы барганда тигил аял: «Мен бала-чака багышым керек, тынч оокат кылышым керек, чыгып кетсин акчасын кайтарып берет»- деп кыйкырды. Көрсө, аларды Бакиевдин туугандары келип: «Эмнеге Атамбаевди жаткырасың, азыр чыгып кетишсин!»- деп кыйнап жатыптыр, алардын ою боюнча биз стадионго кирип сүйлөп жиберишибиз мүмкүн деп коркушса керек.

Биздин жолугушуубуз Базар-Коргондун «Акман» айылында саат 10до эле. Мен Атамбаевдин балдарына болгула, чыккыла, кеттик, — ​дедим. Бир аз убакыт өтпөй Болот Сүйүмбаев (Атамбаевдин жансакчы башчысы, ишенген адамы) мага келип: «Байке туалетке кирип чыкпай жатат, көп болду, ичинен жаап алыптыр» — ​деди. Мен барып такылдатып, чык десем үн жок. Бөлмөсүнө кирсем столдун үстүндө «Путинка» деген арактын эки бош бөтөлкөсү турат. Болоттон, бул эмне?- десем: «Түндө Жээнбеков экөө ичкен» — ​деди. Дагы такылдатып, үн чыкпагандан кийин, арга кетип эшикти күч менен ачтырдым. Ал унитазда олтуруп уктап калыптыр. Өзүн билбейт. Жардамчылары, Илмиянов, дагы башкалар көтөрүп чыгышты. Мен бул соо эмес ко, арак менен кошо уулантып салган эмеспи, силер эмнени карап жүрдүңөр, — ​деп анын жардамчы, жан сакчы, врачтарына кыйкырдым. Алар: «Жок ууланган эмес, көбүрөөк ичип алыптыр, байке бизди угат беле, кечинде өзүңүз көрдүңүз го»- дешти. Мен аларга, “эгер мас болсо тезинен соолуктургула, жолугушуу эмне болот?”, — ​деп жатканда, эшиктен жанагы аял үч-төрт адам менен дагы келип: «Тезинен чыгып кеткиле, болгула»- деп туруп алышты. Жиним келип, тигил аялга бир тийдим. — ​Өлүп баратасыңарбы?! Азыр чыгабыз, эшикке чыгып тургула! — ​дедим.

Илмияновго: — ​Кеттик, башка жерден соолугат, алып чыккыла, бирок мунун абалын эч ким көрбөсүн, — ​дедим. Өзүм эшикке чыгып Жээнбековду издесем, жок. Оюма ар нерсе кетти. Эгерде Ж. Жээнбеков экөө арак ичип мас болду дейин десем, Жээнбеков сыртта өзү басып жүрөт. Бирөөлөр уулантып койгон жокпу деген ой башымда айланып туруп алды. Алмаздын мындай абалда, өзүн билбей калганын мурда көргөн эмесмин. Эми жолугушуу эмне болот? Бул абалында элге кантип барат деп, тынчым кетип турганда аны тигилер көтөрүп чыгышып, машинага салышты. Аларга менин артыман айдагыла деп, Базар-Коргондогу суу сактагычтын жээгине келдик. Чыдабай врачынан: — ​Сообу, — ​деп сурадым. Ал: «Өтө көп ичип алган» — ​деди. — ​Соолуктур, укол бер, элге барышыбыз керек, — ​десем: «Жок, баралбайт, эми көпкөөзүнө келбейт»- деди. Мен Алмазга келип: — ​Эй досум, кандай акывал? — ​десем, «Жакшы, жакшы, не дождетесь»- деп бир нерселерди булдуруктады.

Убакыт саат ондон өтүп баратат. Болотко: — ​“Силер ушул жерде калгыла, муну соолуктургула, иши кылып эртеңки жолугушууга даяр болсун, бүгүнкү жолугушууну эптеп бүтүрөмүн,”- деп Акманга кеттим. Жолдо ар шылтоону издедим. Кечигип жатат дейин десем, биздин кечээ эле келгенибизди эл билет эле. Акыры ооруп калып, врачтар карап жатат, келалбайт дегенге токтодум. Эл менен жолугушуп ошентип айттым.

Ошол учурда артыман Атамбаевдин машинасы келип калды. Мен телефондон: — ​Эмне келдиңер, — ​деп Болотко чалсам: «Байке болбой коюп, айдатып келди» — ​деди. Анда эл билбесин, тегеректеп курчап алып келгиле, эл шек албасын, — ​дедим.

Мен элге: — ​“Мына ооруп, сүйлөөгө дарамети болбосо да, силерди сыйлап келиптир,”- дедим. Эл ага да макул болду. Ошол учурда Д. Садырбаевдин эжеси трибунага чыгып: «Атайын биздин элге, жерге келсе, жок дегенде кыргыздын салтын кылып калпак менен чепкен кийгизип коёюн»- деп, кой дегенге болбой, өзүм кийгизем деп, артта далдаада турган Атамбаевге кийгизди. Ошол учурда ал эжеге, элге рахмат айтам деп, балдардын колунан суурулуп чыгып микрофонго өтүп кетти… Анан сүйлөдү дейсиң… Бийликтин агенттери сүрөткө, видеого тартып алганга жетишти. Мен балдарга, артка алгыла деп, аны көп сүйлөтпөй микрофонду алганга аракет жасадым. Бирок бийликке эптеп кичине сүрөткө тартып алса жетиштүү эле. Жарым саат өтпөй туш тараптан: «Атамбаев мас болуп жүрөт дейт, чынбы?» — ​деген суроолор жаай баштады. Мен элге айткан сөзүмдү бардык сурагандарга айтып, мүмкүн уулантып же окутуп коюшу мүмкүн дегенди коштум. Чындыгында эле, мен ал бир гана арак ичип мас болгон эмес, кандайдыр бир жол, же нерсе менен ууланган болуш керек деген ойдо элем. Жыйындан кийин бара турган жер жок, Жалал-Абадга кире бергендеги атактуу мантыханалардын бир бөлмөсүн алып, эч кимди киргизбей аны эсине келтирүүгө аракет жасадык.

Азимбек Бекназаровдун китебинен үзүндү

Булак: NazarNews.kg

Последние новости