www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тээ илгертен бери айтылган кеп бар “аккан арыктан суу агат” деп. Бул сөз бекер жерден айтылып калган эмес. Анткени улуу кыргыз эли баардык сөздү турмуштан алып айтканын эске алганыбыз оң.

Экс акыйкатчы Турсунбек мырза айтылуу Моңолдор уруусунан болот. Бул киши 1989-жылдан бери эле саясаттын айдыңында элдин талабын талашып келе жаткан инсан экенин баарыбыз жакшы билебиз.

Бирок ушул жыйырма беш жыл ичинде Турсунбек мырза эмне деген гана кыйынчылыктарды башынан өткөргөн жок. Уурдап кетишти, 2005-жылкы көтөрүлүштө Ак үйдүн алдынан башына таш тийип жарат алды, Баткен согушуна катышты, Чечен согушуна да барып сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Акыйкатчы болуп эл талабын талашып иштеди. Биринчилерден болуп Аскар Акаевге “Иштен кетишиңиз керек, эл кыйналып кетти” деп бетине ачык айтты.

Мындай кадамдарды жөн атанын баласы ачык айтып, кооптуу ишке башын сайып жасай албайт. Биз Турсунбек мырзага суроо менен кайрылганыбызда ата теги бай-манап болгонун жана аны менен бирге элге кайрымдуу болгонун кеп кылды. Демек, бул жерден элдик киши болуу үчүн да тээ түпкүрдө бир нерсе болгон экен.

Турсунбек мырзанын бабасы Токтоман учурунда калыс анан абдан бай адам болгон экен. Көпчүлүк жыйындарда Токтоман адилеттикке басым жасап, туура сөз сүйлөп, элдин талабын талашып, маселени калыс чечкенге аракети күч болгон үчүн, арыз айтып келген адамдардын аягы түгөнбөптүр. Анткени ал киши дайыма колунда бар адамга эмес, чындыкка карап маселени чечип, адам укугун коргоо үчүн абдан берилүү менен далалат кылчу тура. Ошол себептен эл алдында кадыры болгон экен.

Кийинки атасы Мусабек 1930-жылдардагы репрессия учурунда камакка алынган жетимиштей кишинин жыйырмасын орус төбөлдөрдү эпке келтирип, сүйлөшүү жолу менен камактан бошотуп, азаттыкка чыгарганы айтылат. Эгер Мусабек болбогондо жыйырма киши дагы атылып кетет беле... Адам өмүрүн сактап калуу билинбегени менен бул да абдан чоң иш экенин эске алганыбыз оң.

Атайын алдына максат коюп, Мусабек мырза Нарындан ат менен Бишкекке келип, ошол кездеги билермандардын тилин таап, элчилик кылып адам укугун коргогону азыркы акыйкатчы Турсунбек мырзанын элесин берет.

Минтип Турсунбек мырзаны мисалга алып айтканыбыздын себеби, кайсы жерде чыр болсо, Турсунбек мырза ошол жерде экени жашыруун эмес. Айткандай чачы эмнеге агарды, бул тууралуу да суроо менен кайрылып төмөндөгүдөй жооп алдык.

Тайлары Чүй аймагынын азыркы Москва районунан болот. Чоң таякеси учурунда университеттин көзгө илинген деканы болгон. Баягы союз күпүлдөп, орустар баш көтөрбөй башкарып турган кезде, алдынан киши өтө албаган сүрдүү анан ишине так, айтканын аткарган партияга берилген, чындыкты сүйгөн киши болуптур. Негизи эле таякелеринин баары окумуштуулукка жакын болуп баарынын чачтары аппак болгон үчүн, чачынын актыгы таякелерин тартып калган.

Айткандай таяке - тайы жак дагы адам укугун коргоп, чындык үчүн күрөшкөн адамдар болуптур. Демек атасы жана апасы жактан бирдей акыйкатты сүйгөн адамдар болгон үчүн Турсунбек Акун акыйкатчы болуп чыга келгенине турмуш өзү күбө. Ооба, азыр «акыйкатчы деп кимди билесиң?» деген суроо берсеңер, ар бир инсан Турсунбек Акунду айтаары турган иш. Демек, атасы кандай иш менен алек болсо, бала да ошол ишке жөндөмдүү болорун эске алганыбыз жөндүү экенин эсиңиздерге салабыз.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости