www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда табып Хашим Зайналиев тууралуу коомчулукта кызуу талкуу жүруп жатат. Айрымдар ага болгон терс пикирин айтса, коомчулукка аттын кашкасындай таанымал инсандар табып Хашим Зайналиевдин тарабын талашып келүүдө. Белгилүү акын, Жолон Мамытовдун жубайы Меңди Мамазаирова табып тууралуу төмөнкү пикирин билдирди. 

--Биздин коом деги эмне болуп баратат? Иштин ак-көгүн ылгабай тоо басты кылышат. Бул го эми Фейсбук колдонуучуларбыз. А чынында элдин ден соолугун ойлогон, эл ичинен чыккан табыптан ды да ылгабайбыз. Кичине ой токтотсок эмне болот? Салттуу медицинага бир эли сөз тийгизгим жок. Бирок, онкооруларды "Мындан нары дарылайбыз албайбыз. Жылкыңарды даярдай бергиле", деп жолго салып жатканда жашыруун эмес да. Так ошолорду дарылап, экинчи өмүр берген Табып Хашим Зайналиевди мынча төө бастыга алышат онковрачтар? Алардын чыгарып салган кеселмандарына экинчи өмүр берип жатканы же жалганбы? Андай фактылар оңдоп саналып атпайбы! Интернеттен канча адамдар ыраазы болуп, сүйлөп жатышат. Жоок, бул жерде башка нерсе бар. Өзүнүн 30 жылга жакын изилдөөсүндө рак шишигинин ашынган түрүн да химиясыз, операциясыз дарылоого жолун тапты! Бул дүйнөлүк сенсация болушу керек эле! Жоок, бул табылга онкологдордун үрөйүн учуруп, ырыскысын талашкан дай болду.

Оо, көрнамектик, көралбастык! Башка, өнүккөн мамлекетте болгондо, клиника эмес, бүтүндөй институт ачып бермек.

Эх, кыргызымдын ичиндеги арамзалар, арам тамакка көнгөн Мителер! Ага жол бербей Жакшылык кылган адамды күнөөлөр, темир тор артына кароого, дүйнөгө угузбоого, өтпөгөн аракет кылып айткандары өкүнүчтүү.

Ооба, Адам ата, Обо энеден бери келаткан көралбастыктын тамырын ким кыркат? Болбосо бир тууганы Авелди, жатындашы Кабель кантип өлтүрөт эле. Табып Хашымдан айыккан ак жүрөк пенделер ак сөзүн айтаар мага окшоп. Эми табып Хашымдын тагдыры бир кудайдын колунда жана онковрачтар менен органдын кишилеринин колунда калса... ӨЛҮМ АЛДЫНДАГЫ 20 КИШИНИН ТАГДЫРЫ ЭМНЕ БОЛОТ?-деген пикирин билдирди акын жазуучу, Меңди Мамазаирова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости