www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКнын төрагасы маянасын кайрымдуулукка жумшап сынга кабылды. Буга байланыштуу журналист Элнура Кулуева буга байланыштуу өз пикирин төмөнкүдөй калтырган.

“Шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жаңы фигура. Кечээ жакында өзүнүн эмгек маянасынан баш тартып, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө берип жүргөнү боюнча маалымат тарады. Бул нерсе деле коомго үлгү боло турган аракет да. Эмнеге кайрымдуу болууга умутулуп жаткан жөрөлгөлөрдү шыйракка чаба беребиз? Туугандар, кимдир бирөөнүн 500 сомду сарыга күтүп жатканын эске ала жүрөлү. тагдырдын күңгөй-тескейлүү жагдайларында баары тең эмес. Карылар үйүндө өкмөттүн дарыга бөлүнгөн 15 сомун зарыга күткөн карыларын көрдүм. Колдон келсе кыргыздын жигиттери айыл баксын, журт баксын, алсыздарга кайрымдуу болсун, бирөөгө жакшылык кылсын. Азыр ооруган атасына, апасына кайрымы жок мерездер бар. Коомду биз ушундай кадамдар менен мээримдүүлүккө үндөйбүз. Жүрөк деген органды да саясатка салып туздабай аны жакшы иштер,жакшы сөздөр менен кан жүгүртүп туралы. Жаныбек мырзага мен ыраазычылык гана билдирем!”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости