www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеваны коркутпаганын, "жаш депутат этият болушу керек" деп айтканын “Азаттыкка” билдирди:

- Ал тамаша сөз болчу. Төрт киши отурганбыз, аркы-беркини сүйлөшүп отуруп жөн эле сөз чыгып калды. Өзү катуу сын айтып жатпайбы. "Жаш депутатсың, этият бол" деген мааниде эле карындашыма кайрылгандай эле айткам. Мен да окуп алып таң калдым.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Элвира Сурабалдиева буга чейин коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөнү үчүн Ак үйдөгү чиновниктердин бири ачык коркутканын "Твиттердеги" баракчасына жазып чыккан. Кийин “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, коркуткан киши Курманбек Дыйканбаев экенин, ал “Росинбанк” жана “Кыял” мамлекеттик ишканалары тууралуу маселени көтөргөнү үчүн ачуусу келиши ыктымал экенин айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости